Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Киевде орусиялык армиянын 30дай ракетасы атып түшүрүлгөнү кабарланды


Орусия армиясынын соккусунан өмүрү кыйылган тогуз жашар секелектин сөөгүнүн жанында отурган атасы. 1-июнь, 2023-жыл. Киев.
Орусия армиясынын соккусунан өмүрү кыйылган тогуз жашар секелектин сөөгүнүн жанында отурган атасы. 1-июнь, 2023-жыл. Киев.

Украинанын бийлиги 2-июнда Киевде орусиялык армиянын 30дай дрон жана ракетасы атып түшүрүлгөнүн билдирди. Баш калаанын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попконун айтымында, жабыркагандар жана курман болгондор тууралуу маалымат жок.

"Мурунку күнү баллистикалык ракеталар менен чабуул болсо, бул жолу дрондор жана канаттуу ракеталар менен биргеликте сокку урулду",-деп кошумчалады Попко.

Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы социалдык тармактарга жарыялаган кабарда айтылгандай, Орусиянын армиясы 15 канаттуу ракета жана 18 Иранда чыгарылган "Шахед" дрондорун колдонгон.

Орусиялык күчтөр май айынын башынан украин калааларына, анын ичинде Киевге аба чабуулдарын активдештирди. Соңку бир айда украин баш калаасы 17 жолу орус армиясынын соккуларына дуушар болду.

Киевдин аскердик жетекчилиги буга чейин маалымдагандай, 1-июнда баш калаага түшкөн ракета калдыктары үч кишинин, анын ичинде тогуз жашар секелектин өмүрүн алды. Ондон ашуун киши жабыркады.

Ал тапта Орусиянын аймактык жетекчилиги украин күчтөрү өлкө батышындагы Брянск облусундагы эки айылды аткылаганын билдирди.

Облус губернатору Александр Богомаз "Телеграмга" жазгандай аткылоодо эч ким жабыркаган эмес. Киев бул тууралуу үн каткан жок.

Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG