Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

Кыргызстанга Өзбекстан, Тажикстандын президенттери келди


 Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Кыргызстанга Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди. Эки лидерди “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов, Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел келген.

2-июнда Чолпон-Ата шаарында “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммити өтөт. Ага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел катышат.

Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин Борбор Азия лидерлери менен Чолпон-Ата шаарындагы кездешүүсүн утурлай беш укук коргоочу уюм аймактагы адам укуктарынын абалын да талкуулоого чакырышты.

"Борбор Азия — Европа Биримдиги" саммити экинчи жолу өтүп жатат. Биринчиси былтыр, 27-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG