Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Туризм фондунун жетекчиси Калашникованын бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды


Елена Калашникова.
Елена Калашникова.

Бишкек шаардык соту бүгүн 2-июнда «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коомунун президенти Елена Калашникованын бөгөт чарасы боюнча маселени карап, аны камакта калтырды.

19-майда Биринчи Май райондук соту Калашникованы эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Шаардык сот ошол чечимди күчүндө калтырды.

18-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Калашникова жана фонддун вице-президенти камакка алынганын билдирген. Мекеме алар тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгенин, мамлекетке келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалаган.

УКМК уставдык капиталы 1 миллиард сомдук бул фонд өлкөдө туризмди өнүктүрүү максатында түзүлгөнүн, бирок акча орунсуз жок кылынганын, максатсыз коротулганын, жетекчилиги өзүнө жогору маяна коюп алганын жана курулуш иштери чыныгы наркынан көбөйтүлгөн баада жүргүзүлгөнүн билдирген.

Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин негизинде (“Коррупция”) иш козголгону, былтыр мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 1 миллиард сомдун 608 миллион сому бир катар долбоорлорду ишке ашырууда өздөштүрүлгөнү, бирок, мисалы, 105 миллион сом которулган 21 эс алуу бекетинин (rest point) бири да пайдаланууга бериле электиги, алардын жалпы баасы 13 миллион сомго көп көрсөтүлгөнү, мындан башка да шектүү жагдайлар бар экени айтылган.

4-майда Жогорку Кеңештин бир катар депутаты Калашникованын ишмердүүлүгүн кескин сынга алышкан.

Ал өзү ар бир тыйындын сарпталышы боюнча жооп берүүгө даяр экенин, мамлекет туризм тармагына көңүл буруп жатканын белгилеген. Калашникованын айтымында, 2022-жылга “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондуна” 1 миллиард сом бөлүнгөн, анын 257 миллиону коротулду, калган акча ишкананын эсебинде турат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG