Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

Ошто жол кырсыгынан үч өспүрүмдүн өмүрү кыйылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто үч окуучу жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык милициядан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 2-июнга караган түнү Озгур айылында болгон. Кара-Суу районунун тургуну атасына таандык болгон «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автомашинаны уруксатыз үйдөн айдап чыккан. Озгур айылынын Тотоев көчөсү аркылуу бара жатып, жол бойлой шар аккан каналга түшүп кеткен.

Каза болгондордун экөө 9-класстын, айдоочу бүтүрүүчү класстын окуучусу экени аныкталды.

Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 7 миңдей жол кырсыгы катталып, 600дөн ашуун өмүр кыйылган. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG