Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Токаев "Борбор Азия-Евробиримдик" саммитине катышуу үчүн Чолпон-Атага келди


Касым-Жомарт Токаев. 2023-жылдын 2-июну.
Касым-Жомарт Токаев. 2023-жылдын 2-июну.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2-июнда иш сапар менен Кыргызстанга келди. Чолпон-Ата шаарында өтө турган “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммитине катышуу үчүн келген казак лидерин Тамчыдагы “Ысык-Көл” аэропортунан өкмөт башчы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Саммит Чолпон-Атада бүгүн өтөт. Ага катышуу үчүн Кыргызстанга Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель келди.

Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов да келди. Ошондой эле саммитке Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышат.

“Борбор Азия – Европа Биримдиги” форматындагы алгачкы саммит былтыр 27-октябрда Астанада өткөн, эки апта мурда Алматыда экономикалык форум уюштурулган.

Европадагы 27 өлкөнүн башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон. Аны жаңыртуу аракети бир нече жылдан бери көрүлүп келе жатат, азырынча жаңы келишим кабыл алына элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG