Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:01

Москванын каарына кабылган тажик мигранттары


Москва. 28-май, 2023-жыл.
Москва. 28-май, 2023-жыл.

Орусиядагы тажик мигранттарынын массалык түрдө кармалышы кандайдыр бир саясий өнөктүктү эске салат. Бирок анын максаты эмнеде?

Акыркы апталарда Орусиянын аймагында тажик мигранттарынын кармалышы боюнча кабарлар орус медиасындагы көндүм жаңылыкка айланып калды.

30-июнда Москвадагы "Митино" станцияcынан ондогон тажик жарандарынын кармалышы тууралуу кезектеги кабарлар бул тенденциянын логикалык уландысы болду окшойт. Тажикстандын Орусиядагы элчилиги кармалгандар арасында башка өлкөлөрдүн жарандары да барын билдиргени менен негизги текшерүүлөргө тажик мигранттары кабылууда.

Орусиянын расмий себебин айтпай, үн катпай жатышы мындай “текшерүүлөр” тууралуу түрдүү божомол жаратууда. Адатта тажикстандык мигранттарга "көңүл буруунун" артында Москванын Дүйшөмбүгө болгон кандайдыр бир нааразылыгы турчу. Бирок соңку окуялар өкмөттүн айланасындагы топтордун билдирүүлөрү жана орусиялык ЖМКнын маалымат өнөктүгү менен коштолгон жок.

Тажикстандык саясат таануучу Парвиз Мулложанов бул окуялардын түпкү себеби Тажикстанды ЕАЭБге кирүүгө мажбурлоого багытталган болушу мүмкүн деп эсептейт. Анын божомолунда, мындай сунуш Эмомали Рахмондун Москвага сапарында (9-майда) айтылган болушу мүмкүн.

"Мындай массалык рейддер Тажикстанда орус учкучтарынын иши каралып жаткан 2011-жылдан бери жүргүзүлгөн эмес эле", - деди саясат таануучу.

Анын айтымында, рейд жүргүзүлгөн жерлерде тажикстандык мигранттардан тышкары КМШнын башка мамлекеттеринин жарандары да болгон. Бирок рейддер аларга таасир эткен эмес.

Текшерүү эмнеден башталды?

Тажик мигранттарына карата рейддер Москва облусунун Котельники шаарынын тургуну алардын үстүнөн даттанган видеокайрылуудан кийин башталды.

Бул окуянын алдында Комсомольск-на-Амуре шаарындагы Техникалык университетте окуган тажик студенттер полициянын атайын күчтөрү (ОМОН) алар жашаган жатаканада рейд өткөрүп, эч себепсиз сабаганын айтып чыгышкан эле.

29-майда тажик мигранттарын колдорун артка кайрып стадиондон алып чыгып жаткан видео социалдык тармактарга жарыяланды. Аларга "өлкөгө келүү эрежесин бузган", "майда бейбаштык" жана "полиция кызматкеринин буйругуна баш ийбөө" деген айыптар тагылган.

Орусиялык ЖМКлар "тажик мигранттары Беловеж көчөсүндөгү мектеп стадионунан өспүрүмдөрдү кууп чыгып, өздөрү футбол ойной башташкан" деп жазып чыгышкан. Полиция 49 мигрантты кармап, протокол түзгөнүн "Интерфакс" агенттиги кабарлады.

Жогортон буйрукпу же профилактикалык чарабы?

"Озоди" радиосуна маек курган орусиялык министрликтердин биринин өкүлү “бул өнөктүк расмий Дүйшөмбүгө басым кылуу үчүн жасалып жатат” деген версияны четке какты. Анын айтымында, мигранттарга карата кысым алардын саны кескин өсүп, ошондон позициясын алдырып жиберген кылмыш топторунун “буюртмасы” болушу деле мүмкүн.

Бул канчалык жүйөлүү, аны айтуу кыйын. Бирок Орусиянын жарандыгын алган тажик жарандарынын саны өсүп жатканы анык. 2023-жылдын биринчи кварталында тажикстандык 44 миң 854 адам орус жарандыгын алган. Мындайча айтканда, күнүнө 500 киши.

Орусиядагы тажик мигранттарынын саны боюнча расмий Дүйшөмбү менен Москванын санагы эки башка. Ар кандай булактардын маалыматында, алардын саны 2 миллионго чейин жетет.

Миграция боюнча эксперт Карим Алиев соңку рейддерди миграциянын күчөгөнүнө байланыштырды.

"Бул рейддер биринчи кезекте психологиялык максатта десек болот. Ушундай жол менен күч түзүмдөрү мигранттардын көп миллиондук армиясын көзөмөлдөөгө аракет кылууда. Азыркы учурда, согушка байланыштуу күч органдарынын кызматкерлеринин саны аз болуп жатканда, мындай "алдын алуу чаралары" дагы абдан актуалдуу болуп саналат", - дейт эксперт.

Анын айтымында, Дүйшөмбү өз жарандарын коргоого аракет кылбагандыктан, мындай рейддерге тажик жарандары көп кабылууда.

"Расмий Дүйшөмбү Орусияга кесипкөй эмес, чабал, өз жарандарын коргоодон чочулаган кишини элчи кылып дайындады. Тажик бийлигинин эмгек мигранттарына карата кайдыгер мамилесинен улам тажиктер Орусиянын коопсуздук күчтөрүнүн бутасына кабылды. Орусия Өзбекстан менен мамилесин бузгусу келбейт жана өзбек мигранттарына тийишпейт, ошол эле маалда тажиктер куугунтукталса, Тажикстандын элчиси да, өкмөтү да аларды колдоп чыкпасын түшүнөт", - дейт Алиев.

Өткөн аптада тажик Тышкы иштер министрлигине Орусиянын элчиси Семен Григорьев чакырылып, Дүйшөмбү мигранттардын массалык кармалышы боюнча тынчсыздануусун билдирди. Деген менен Орусиянын бийлиги тажик мигранттарына карата кысымдын себебин ачык айтпады. Анысы аз келгенсип рейддери кайра күчөдү.


Журналист Галия Ибрагимова мигранттарга каршы өнөктүк Орусияда "ички душманды таап, элди бириктирүүчү идея катары" колдонулушу мүмкүн деп белгилейт.

"Мен мындан геосаясат же башка факторду издебейт элем. Анткени муну Орусия жөн эле күчкө салып жасап жатат. Болгону азыр коомдо мигранттарга каршы маанай бар. Ал маанай шарттуу душмандарга, мейли украиндер, тажиктер болсун, иши кылып "орус дүйнөсүнүн кучагынан качкысы келгендерге" каршы", - дейт Ибрагимова.

Журналист ушундай жол менен орус бийлиги мигранттарды Украинадагы согушка катышууга мажбурлашы мүмкүн экенин дагы жокко чыгарбайт. Буга чейин ар кайсы деңгээлдеги саясатчылар тарабынан мигранттарды аскердик операцияларга тартуу үчүн “тажик батальондорун” түзүү чакырыктары айтылып келген.

"Озоди" радиосунун сайтына жарыяланган Хурсанд Хуррамовдун макаласы. Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

XS
SM
MD
LG