Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:10

"Орусиянын башчылары бир күнү сөзсүз Гаагада соттолот"


Сребреница кыргынынан качкандар. Июль, 1995-жыл
Сребреница кыргынынан качкандар. Июль, 1995-жыл

Татаал тандоо алдында калган мигранттар

The Oxus Society for Central Asian Affairs уюму 23-майда Тажикстандагы памирлик эмгек мигранттары Украинанын оккупацияланган аймагындагы кайра куруу иштерине жалданууга аргасыз деген материалын чыгарды. Авторлор калган мигранттардан айырмаланып, этникалык азчылыктар бийликтин алардын экономикалык интеграциясына түзгөн тоскоолдуктарынан улам аялуу катмар болуп эсептелет деп түшүндүрүшкөн. Макаланы теги хорогдук жарандык активист Солим Назаров жана америкалык профессор Сьюзан Леви-Санчес биргелешип жазган.

Алар адегенде тажик атайын кызматтары Памирде (Тоолуу Бадахшан) аеосуз репрессияларды жүргүзгөнүн, бейөкмөт уюмдарды талкалаганын жана 300 миң жергиликтүү тургун акча албай калганына токтолушту.

“БУУнун атайын баяндамачысынын маалыматына ылайык, Тажикстандын Мамлекеттик коопсуздук комитети Тоолуу Бадахшанда жергиликтүү 128 бейөкмөт уюмунун жетекчилерин чакырып, “ыктыярдуу жабылууга” мажбурлашкан же андай кадамга көндүрүүгө аракеттенишкен. 30дан ашык өкмөттүк эмес уюм, анын ичинде балдар менен иштегендер өз ишмердүүлүгүн токтотту, 10дон ашык уюм кысым астында өздөрү жоюлду. Алар памирлик коомчулуук үчүн өтө маанилүү болчу”, - деп улантышат авторлор.

Хорогдогу нааразылык акциясы. 16-май, 2022-жыл
Хорогдогу нааразылык акциясы. 16-май, 2022-жыл

Макалада автоном облустан чыккан айрым адамдардын тагдыры баяндалат. Алардын бири, Рашид аттуу жигиттин айтымында, былтыр майда аскерлер энесинин дүкөнүн талап-тоноп, өрттөп кетишкенден кийин “Вконтакте” социалдык түйүндөн Орусия басып алган Украинанын Мариупол шаарында иштөө тууралуу сунуш көрүп калып, ал жакка барууну чечет.

Макаланын авторлору ушул жерде орусиялык компаниялар борбор азиялык мигранттарды жалдоо үчүн Телеграм өндүү медиа платформаларды активдүү пайдаланганын, Орусияда ишке орношуу үчүн толгон-токой кагаздар керек болсо, Украинага баруу үчүн паспортту гана талап кыларын белгилишет.

"Рашид ал жакка жетүү жана иштөө шарттары жарыяда айталгандан алда канча начар экенин, жашаган жери “абакты” элестеткенин айтып берген. Ал ооруп калып, Москвага кайтууну чечкенде убада кылынган маянасынын жарымын гана алган экен. Буга карабай Рашид Тажикстанга кайтуудан караганда Мариуполго кайра барууну артык көрөт", - деп жазышат Назаров менен Леви-Санчес.

Алардын айтымында, бадахшандык жигит аны менен кошо иштеген мигранттарды быйыл апрелде Мариуполдон белгисиз жерге алып кетишкенин айтып берген. Анын оюнда мигранттарды майдан тилкесине окоп казууга жибериши мүмкүн.

Макалада репрессиялардан улам мекенине кайта албаган башка памирликтер жөнүндө да баяндалат. Алардын кээ бирлери моралдык дилеммага туш болгонун да айтышат. Мисалы, Зубайда аттуу келин “Путиндин Украинага кол салуусун эч качан колдобогонун, агрессивдүү саясаттын колдоочусу деген атка конгусу келбегенин”, Украинанын оккупацияланган аймактарында иштөө кыйын болгонун моюнга алат.

Аягында авторлор геосаясий окуялардан улам аялуу катмарлардын абалына, укуктарына көңүл буруу керектигин белгилешкен.

Жетекчилерди соттогон трибунал

Мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибуналга 25-майда 30 жыл болду. Deutsche Welle Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун, мамлекет башчыларды сот жообуна тартуу тажрыйбасынын пайдубалын түзгөн ошол трибуналдын таржымалына кайрылды. 24-майда жарык көргөн макаланын башында Гаага соту орус президентин камоо ордерин чыгарганын эске салынат.

Мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибунал. 20-февраль, 2001-жыл
Мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибунал. 20-февраль, 2001-жыл

Мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибунал БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын негизинде түзүлүп, анын иши 2017-жылы аяктаган.

25 жылдын ичинде 142 жараян жүргүзгөн, анын басымдуусу сербдерге каршы болгон. Сербиялык генерал Ратко Младич Сараевонун блокадасы жана Сребреницадагы кыргынга байланыштуу согуш кылмыштарына жана геноцидге айыпталып, 5 жыл жашырынып жүрдү. 2011-жылы Сербияда кармалып, Гаагага экстрадицияланган, дагы алты жылдан кийин трибунал аны өмүр аягына чейин эркинен ажыратты. Андан тышкары Югославиянын экс-президенти Слободан Милошевич жана Серб Республикасынын мурдагы президенти Радован Каражичтин иштери каралган. Милошевич жараян учурунда, абакта көз жумса, Каражич өмүрүнүн аягына чейин кесилген.

Макалада бул трибуналдын үлгүсүндө 1994-жылы Руандадагы кылмыштарды териштирген эл аралык сот түзүлгөнү айтылат. Африкадагы ал өлкөдө хуту уруусу тутсилерди кырган геноцидде төрт айдын ичинде бир миллионго жакын кишинин өмүрү кыйылган.

Deutsche Welle Мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибуналдын судьясы Вольфганг Шомбургду сөзгө тарткан. Анын пикиринде, сөз болгон эки трибунал саясий эрк болсо, эң жогорку жетекчилерди, анын арасында президенттерди, мамлекет башчыларды жоопко тартса болорун көргөздү. Орус президентинин мисалына токтолуп, Шомбург украин балдарын “күчтөп депортациялашканына жетиштүү далилдери бар” деген оюн ортого салды.

“Орусиялыктарды геноцид жана Украинаны жок кылуу аракети үчүн адамзатка каршы кылмыш кылуу деген негизде жоопкерчиликке тартуу үчүн айныксыз далилдерди көрүп жатам”, - деп айтты юрист.

Ал ошондой эле мурдагы Югославия жана Руанда боюнча трибуналда сот жообуна тартылган мамлекет башчылардай эле Путин жана орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бир күнү сөзсүз Гаагада соттолот деген оюн кошумчалады.

Адамдын мээсине чип чаптоого уруксат берилди

Америкалык бизнесмен Илон Масктын адамдын мээси үчүн чип чыгарган компаниясы клиникалык сыноо жүргузүүгө уруксат алды. Neuralink 26-майда АКШнын Дары-дармек жана азык-түлүктүн сапатына көз салган агенттиги сыноону жактырганын маалымдады. Washington Post жазганына караганда, компания буга чейин жаныбарларга гана сыноо жүргүзүп келген. Эми адамдын мээсинин активдүүлүгүн компьютерге туташтырып байкоо салса болот. Бул үчүн робот мээге миңдеген электрод жайгаштырат. Гезит Neuralink жана агенттик комментарий берүү өтүнүчүнө жооп бере электигин, Маск буга чейин 2017-жылы оозеки уруксат берилгенин айтып, бирок кийин андай чечим расмий кабыл алынбаганы белгилүү болгонун жазат.

Нейрочиптер мээнин сигналын Bluetooth аркылуу өткөрүп, алардын жардамы менен компьютер же смартфонду түздөн түз башкарса болот.

Баары болуп адамдын чачынан төрт эсе ичке бир жарым миңдей электрод имплантацияланат. Маск чип гормондордун деңгээлин көзөмөлдөөгө, атүгүл мээнин натыйжалуу иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзөрүн айтат.

"Ондогон жылдан бери иштелип келаткан технология шал болуп калган же башка оорулардан жабыркаган адамдардын кыймыл функцияларын калыбына келтириши ыктымал", -деп жазат Washington Post.

Blackrock Neurotech жана Synchron деген компаниялар андай жабдыкты кеминде 42 адамдын адамдын мээсине имплантациялаган.

Гезит белгилегендей, компаниялардын көбүнөн айырмаланып, Neuralink адамдын функцияларын жөн гана калыбына келтирбестен, аларды жакшыртууну көздөйт.

Ошол эле маалда Reuters агенттиги былтыр жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылууда деп Neuralink иликтөөгө кабылганын жазган.

Тиешелүү мекемелер жабдыктардын коопсуздугуна, этикалык маселелерге жакындан байкоо салып турмакчы. Сыноолор качан башталары белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG