Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 07:14

Хорог окуясы: прокурорлор сураган катаал жаза


Улфатхоним Мамадшоева менен Холбаш Холбашов. Коллаж.

Мамлекеттик айыптоочу тарап Тоолуу Бадахшан автоном облусунун чек ара аскерлигинин мурдагы башчысы Холбаш Холбашовду өмүр бою, жарандык активист, журналист Улфатхоним Мамадшоеваны 25 жылга эркинен ажыратууну сурады. Бийлик аларга быйыл май айында Хорог жана Рушан шаарларында тополоң уюштурган деген айып таккан.

Холбаш Холбашов менен Улфатхоним Мамадшоеванын соту Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайында 3-августтан бери жабык эшик артында уланууда.

“Азаттыктын” тажик кызматынын кеминде үч булагынын айтымында, сот өкүмдү 12-августта чыгармак. Бирок айыпталуучулар тергөө калыс болбогонун айтып, кылмыш иштеринин адилет каралышын талап кылышкан. Бул кылмыш иштерин Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүлөрү тергеген.

Улфатхоним Мамадшоевага каршы Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинин сегиз беренеси, анын ичинде “Тажикстандын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо” деген айып да тагылган. Көз карандысыз журналист жана жарандык активист Хорогдогу нааразылык акцияларын уюштурган деген айып менен 18-майда атайын кызмат тарабынан Дүйшөмбү шаарында кармалган.

Генерал Холбаш Холбашовго Кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси, анын ичинде "кылмыштуу топ түзүү", "адам өлтүрүү", "адам өлтүрүүгө аракет кылуу", "терроризм" жана башка бир катар кылмыштар боюнча айып тагылган.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун чек ара аскерлигинин мурдагы башчысы 18-майда анын мурдагы жубайы, Улфатхоним Мамадшоева менен бир күндө кармалган. Бийлик Холбашовду Рушан аймагындагы “уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин бири” деп атаган. Бирок отставкадагы генералдын айрым жакындарынын айтымында, ал кармалган күнгө чейин Тажикстандын чек ара аскерлеринде кызмат өтөгөн.

Холбашов менен бирге Тажикстандын бийлиги атагандай “антитеррордук операцияда” Рушан районунун 78 тургуну кармалып, Дүйшөмбүгө жеткирилген.

24-майда “Точикистон” мамлекеттик телеканалы Тоолуу Бадахшандагы окуяларды чагылдырган даректүү тасманы эки жолу көрсөттү. Тасмада 18-майда кармалган Холбаш Холбашов менен Улфатхоним Мамадшоева “болгон окуяга өкүнүп, Хорогдун, Рушандын тургундарынан кечирим сурай турганын” айтышкан. Видео кандай жагдайда жаздырылганы белгисиз. Алар экөө тең буга чейинки билдирүүлөрүндө нааразылык акцияларын уюштурууга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип келишкен. Кийинчерээк алар көрсөтмөлөр укук коргоо кызматкерлеринин басымы астында берилгенин айтышты.

Тасманын авторлору 26-мартта Хорогдо Мамадбокир Мамадбокиров, Холбаш Холбашов, Улфатхоним Мамадшоева жана Европага качып кеткен Алим Шерзамонов май айында Хорог жана Рушанда болгон тополоңду пландаганын баяндайт.

“Тажикстандын улуттук альянсы” оппозициялык кыймылынын жетекчисинин орун басары, теги бадахшандык, азыр Польшада жашаган Алим Шерзамонов “Азаттыктын” тажик кызматына берген маегинде Мамадшоева менен Холбашовду кыйноо менен күнөөсүн моюнуна алдырышканын билдирген. Тоолуу Бадахшан автоном облусунун бейформал лидери Мамадбокир Мамадбокиров болсо Хорог шаарында 22-майда өлтүрүлгөн.

65 жаштагы Улфатхоним Мамадшоева тажик улуттук университетинин тажик тили жана адабияты факультетин аяктаган. Тоолуу Бадахшанда телерадиодо иштеген. “Номус ва инсоф” укук коргоо уюмунун негиздөөчүсү. 1990-жылдары ал Тоолуу Бадахшандын өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн мүчөсү болгон.

Хорог. 16-май, 2022-жыл.
Хорог. 16-май, 2022-жыл.

16-майда Хорогдо жана Тоолуу Бадахшандын Рушан районунда кырдаал кескин курчуган. Расмий маалыматтар боюнча Хорог жана Рушан шаарларында демонстранттар менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуусунан ондогон адам өлдү же жаракат алды. Бир топ демонстрант камалды.

Тажик бийлиги нааразылык акцияга катышкандарды “кылмыштуу топторго мүчө болгон” жана “бийликке куралдуу каршылык көрсөткөн” деп айыптады. Тургундар бир нече айдан бери кысымга алынгандыктан, алар өз укуктарын коргоо үчүн гана көчөгө чыкканын айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG