Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2022 жума, Бишкек убактысы 12:27

Хорог: генералдын өлүмүнө айыпталгандар өмүр бою кесилди


Хорог шаары.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорогдо генерал Абдулло Назаровдун өлүмүнө айыпталган үч киши өмүр бою эркинен ажыратылды.

Аймактын бийлиги Ага Хан фондуна таандык болгон шаардык сейил бакты мамлекеттин менчигине өткөрүп бермей болду.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун соту 2012-жылы киши колдуу болгон генералдын өлүмүнө катышы бар деген айып менен Хорогдун үч тургунун өмүр бою эркинен ажыратты.

Он жыл мурунку кылмышка өкүм чыкты

Шейшембиде “Азаттыктын” тажик кызматы сот облустун камактагы бейформал лидери Толиб Аюмбековдун уулу Гүломали Аюмбековду, Хайримамад Дустмамадовду жана Аслан Гүлобовду 10 жыл мурун жасалган кылмышка тиешеси бар деп тапканын жазды. “Азаттыктын” Хорогдогу ишенимдүү эки булагы өкүм 5-августта чыкканын, аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү”, “Мыйзамсыз курал сактоо” жана “Бейбаштык” беренелери менен айып коюлганын билдирди.

Расмий Дүйшөмбү Хорог шаарынын тургундарына чыккан өкүм тууралуу комментарий бере элек.

Толиб Аюмбеков.
Толиб Аюмбеков.

Толиб Аюмбеков 11-июнда Хорог шаарында кармалган. Ага "адам өлтүрүү", "бейбаштык", "каракчылык", "баңгизат жана курал-жарак сатуу" деген оор айыптар коюлган. Аюмбековдор жана анын жакындары азырынча үн ката элек.

2012-жылдын 21-июлунда автоном облустун коопсуздук кызматынын ошол кездеги башчысы, 56 жаштагы Абдулло Назаров Хорог шаарынын четинде кызматтык автоунаа менен райондун борбору Ишкашим шаарынан кайтып келе жаткан жеринен киши колдуу болгон. Анын машинесин жыйырма чакты белгисиз адам токтотуп, генералды автоунаадан чыгарып, ага бир нече жолу бычак сайып, качып кетишкен. Айрым маалыматтарга караганда, Назаров артынан кууп келгендер менен сүйлөшүү үчүн автоунаадан өзү түшкөн.

Үч күндөн кийин Хорогдо армия катышкан масштабдуу аскердик операция башталган. Расмий маалыматка караганда, атайын операция учурунда 18 жоокер набыт болуп, ондогон аскер жараат алган.

Тажик укук коргоочулары курмандыктардын саны андан да көп экенин айтып келишет. Козголоңчу делгендердин арасынан канча адам каза болгону азыркыга чейин белгисиз.

Хорогдогу сейил бак

Хорог шаарындагы Ага-Хан фондуна таандык сейил бак мамлекеттин менчигине өткөнү шаршембиде белгилүү болду.

"Азаттык" радиосунун тажик кызматынын жеке булактары билдиргендей, жергиликтүү жер боюнча башкаруу комитетинин кызматкерлери шаардык сейил бактын документтерин кайра каттоого киришти. Ал эми Ага-Хан фондунун өкүлдөрү азырынча бул боюнча үн ката элек.

Карим Ага Хан Тажикстанда. 2012-жыл.
Карим Ага Хан Тажикстанда. 2012-жыл.

Хорогдун борборундагы бул парк 2003-жылы Дүйнөлүк мусулман-исмаилиттердин имамы, канзаада Карим Ага-Ханга тартууланган. Паркты реконструкциялоого 2004-жылдан 2009-жылга чейин расмий маалыматтар боюнча 4 миллион доллар бөлүнгөн. Кийинчерээк Ага Хан Фонду Хорогдун борборунда заманбап сейил бакты түзүүгө дагы миллиондогон каражат жумшаган.

Хорог шаарынын мэри Ризо Назарзода 9-августта сейил бактын мамлекеттин менчигине өткөнү тууралуу маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Бирок мэрияда иштеген атын атагысы келбеген булак “Азаттык” радиосуна Жерди башкаруу боюнча облустук комитеттин адистеринин тобу документтерди кайра карай баштаганын билдирди. Аларга жакын арада сейил бакты тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча сунуштарды даярдап, тиешелүү органдарга киргизүү тапшырмасы берилгенин да айтты.

Ал эми Ага-Хан фондунун Хорогдогу мурдагы кызматкери журналисттерге билдиргендей, фонд 18 жыл ичинде шаардык сейил бакты реконструкциялоого жана кароого ири суммада каражат жумшаган.

"Маданият сейил багында ондогон жергиликтүү тургундар иштеп, айлык акы алышкан. Ага-Хан фонду жыл сайын сейил бакты көрктөндүрүүгө акча бөлүп турган. Бийлик эмне үчүн сейил бакты Ага-Хан фондунан алуу чечимине келди, билбейм. Бирок бийликтин мындай мамилеси жакшы эмес деп ойлойм", - деди фонддун мурдагы кызматкери.

Карим Ага Хан жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 2011-жыл.
Карим Ага Хан жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 2011-жыл.

Ал ошондой эле эки жыл мурун Тажикстандын атайын кызматы Ага-Хан фондунун Тоолуу Бадахшандын айылдарын өнүктүрүү максатында түзүлгөн “ГАЧА” долбоорун ишке ашырууга тыюу салганын кошумчалады. Бийлик мындай чечимдин себебин түшүндүрө элек.

Фонддун Тажикстандагы таасири

Эл аралык Ага-Хан фондун Карим Ага-Хан IV негиздеген. Уюм дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүндө экономика, билим берүү, маданият жана башка тармактарда долбоорлорду ишке ашыруу менен адамдардын жашоо-шартын жана мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу максатында иш алып барат.

Фонд Тажикстанда 1992-жылдан бери иштеп келет. Уюмдун бөлүмдөрү өлкөнүн бардык аймактарында инфраструктураны, энергетиканы, саламаттыкты сактоону, билим берүүнү жана маданиятты өнүктүрүү боюнча программаларды ишке ашырат. Айрыкча, Ага-Хан Фонду бадахшандыктар үчүн “Тоону өнүктүрүүнү колдоо программасын” иштеп чыгып, анда табигый кырсыктын алдын алуу, айыл чарбасын өнүктүрүү жана чакан бизнести каржылоо камтылган.

Нарындагы Борбор Азия университетинин ачылышына келген Касым Ага-Хан. 2016-жыл.
Нарындагы Борбор Азия университетинин ачылышына келген Касым Ага-Хан. 2016-жыл.

Ошондой эле памирлик кыргыздарга Ага-Хан фонду жыл сайын 50 миң доллар өлчөмүндө жардам берип келет.

Фонд Кыргызстанда 2008-жылдан бери иштеп келатат. Ал Кыргызстандын бардык аймактарында ар кыл программаларды жана долбоорлорду ишке ашырып, орто жана чакан бизнести каржылоо менен билим берүү чөйрөсүндө иш алып барат.

Ага Хан фонду Нарында 200 гектардан ашык аянтка Борбор Азия университетин курган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG