Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:28

Ош: “Т” формасындагы жолдун каржы маселеси чечилгени маалымдалды


"Т" жолу курула турган жер.
"Т" жолу курула турган жер.

Бишкек-Ош автожолунун Ош шаарына кире беришине курула турган жолдун каржылоо маселеси чечилгени бүгүн 2-июнда Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын Оштогу көчмө жыйынында белгилүү болду.

Жыйында айтылгандай, жолдун 660-чакырымынан башталган “Т” тилкесинин курулушуна 159 миллион сом каражат бөлүндү. Жакынкы күндөрү долбоор тендерге коюлуп, андан соң курулуш иштери башталат.

Жаңы салына турган жолдун узундугу төрт чакырымдан артып, туурасы 14 метр болору көрсөтүлгөн.

Жолду салыш үчүн ошол жердеги 28 үй жана короо жай жайгашкан тилке бошотулушу керек болот. Кенемте маселеси азырынча чечиле элек.

Курулушка даярдык боюнча алгачкы иштер былтыр декабрда башталган, бирок каражат толук бөлүнбөгөндүктөн токтоп турат. Маселе Жогорку Кеңеште бир канча жолу көтөрүлгөн.

Ошко кире бериштеги жол тилкеси “Т” формасына окшош болгону үчүн ушундай аталып калган. Андан түз кирүүчү жер Кара-Суу районуна караштуу болгондуктан мурдатан жол курулбай келген.

Ош шаарынын кире беришиндеги Монуев көчөсүндөгү жана борбордук көчөлөрүндөгү унаа тыгыны кескин көбөйүп кеткендиктен азыр аталган жол зарыл болуп турат. (DSh)

XS
SM
MD
LG