Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:11

Чолпон-Атада "Европа Биримдиги - Борбор Азия" саммити өтүп жатат


"Европа Биримдиги - Борбор Азия" саммитти. 2-июнь, 2023-жыл.
"Европа Биримдиги - Борбор Азия" саммитти. 2-июнь, 2023-жыл.

Чолпон-Атада президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында "Европа Биримдиги - Борбор Азия" форматындагы экинчи саммити өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары (Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрага орун басары) жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел катышууда.

АКИpress маалымат агентиги "Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел жолугушуу оңой эмес мезгилде өтүп жатканын, Орусиянын Украинага каршы согушу боюнча аймактагы мамлекеттердин позициясы ар кандай экенин билерин жана аны сыйлай турганын айтты" деп жазды.

Саммиттин алдында Кыргызстандын тышкы иштер минстри Жээнбек Кулубаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Борбор Азиянын Европа Биримдиги менен ар тараптуу кызматташтыгы талкууланарын билдирген.

2-июнда Чолпон-Ата шаарына “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитине катышуу үчүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел келген.

Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин Борбор Азия лидерлери менен Чолпон-Ата шаарындагы кездешүүсүн утурлай беш укук коргоочу уюм аймактагы адам укуктарынын абалын да талкуулоого чакырышты.

"Борбор Азия — Европа Биримдиги" саммити экинчи жолу өтүп жатат. Биринчиси былтыр, 27-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG