Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:29

Жапаров менен Рахмон чек ара маселесин талкуулашты


Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон. 2023-жылдын 2-июну.
Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон. 2023-жылдын 2-июну.

Президент Садыр Жапаровдун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен бүгүн 2-июнда Чолпон-Атада өткөн жолугушуусунда чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурулганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттары жана келечеги, аймактык жана эл аралык маселелер талкууланганы кабарланды.

“Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчылары акыркы жылдарда чек аранын долбоордук линиясын макулдашуу боюнча азыркы учурга чейин жетишилген натыйжага канааттануусун билдиришти. Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу улантууну жана өз ара сый-урматтын жана ишенимдин негизинде алгылыктуу чечимдерди издөөнү жакташты”, - деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Эки президент достук жана ынак коңшулук байланыштарды сактоонун маанилүүлүгүн ырастап, бардык маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешкени да айтылды.

Тажик президентинин басма сөз кызматы да жолугушуу тууралуу маалыматында чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.

Анда чек аранын 626 чакырымдык долбоордук сызыгынын 102 чакырымы соңку 1,5 жылда макулдашылып жазылганы белгиленди.

Кыргыз тараптын эсебинде долбоордук сызык (орток пикир табылган) бүгүнкү күндө 682 чакырымды түзүүдө.

Эмомали Рахмон бүгүн Чолпон-Атада өтүп жаткан “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммитине катышуу үчүн келди. Андан тышкары жыйынга Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов катышууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин 2022-жылдын 17-апрелинде эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

2021-жылдын жазында жана 2022-жылдын күзүндө кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон, миңдеген жергиликтүү тургун үй-жайын таштап качууга мажбур болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG