Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Бекешев орус депутатынын согушка катышкан борборазиялыктар жөнүндө пикирине жооп берди


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Эл өкүлү Дастан Бекешев Мамлекеттик Думанын депутаты Сергей Мироновдун “Орусия согушка тарткан борбор азиялыктардын өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылганы туура эмес” деген пикирине жооп берди.

Бекешев Твиттердеги баракчасында “Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) аскердик союз эмес жана биз кандайдыр бир согушка катышкан жарандарыбызды колдоого милдеттүү эмеспиз” деп жазды.

Мамлекеттик Думанын "Справедливая Россия" фракциясынын жетекчиси Сергей Миронов Твиттердеги баракчасында видео жарыялап, анда Орусиянын катарында согушка катышкан Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн жарандары өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылганын сындаган.

Миронов “эгерде ЕАЭБге мүчө өлкөнүн жараны биримдиктеги башка өлкөгө жардам бергиси келсе, эмнеге кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек?” деди. Ал бул боюнча чечим кабыл алуу керектигин билдирген.

16-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Украинадагы согушка катышкан Кыргызстандын жаранын 10 жылга соттогон. Өлкөдө Украинадагы согушка катышкан жаран жазага тартылган биринчи учур болду.

Кыргыз бийлиги өз жарандарына чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет.

Орусияда борборазиялыктар согушка тарткан учурлар көбөйдү. Орусиядагы "Вагнер" менчик компаниясы түрмөлөрдө отургандарды согушка жалдап келатканы, алардын арасында Борбор Азиядан барган мигранттар да бар экени белгилүү болгон.

Расмий маалымат боюнча ушу тапта Орусиядагы жабык жайларда миңден ашуун кыргыз жараны камакта жатат.

"Азаттык" орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган тогуз кыргызстандык каза болгонун тактаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG