Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Финансы министрлиги прокурорлор үчүн кенемтени кыскарткан мыйзам долбоорун сунуштады


Башкы прокуратуранын имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
Башкы прокуратуранын имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы министрлиги “Прокуратура жөнүндө” конституциялык мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын тексти Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды.

Документтин негиздемесинде ал президенттин тапшырмасы менен иштелип чыкканы көрсөтүлгөн. Анда укук коргоо органдарынын кызматкерлери милдеттерин аткарып жатып курман болгон же майыптык алган учурда алардын үй-бүлөлөрүнө бир жолу төлөнчү жөлөкпулдун суммасын кыскартуу каралган. Мунун максаты өлкөнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу экени негиздеме көрсөтүлөт.

Иштеп жаткан мыйзамга ылайык, прокурор жана тергөөчү иш учурунда каза болгон маалда анын үй-бүлөсүнө кызматкердин 20 жылдык эмгек акысына тең компенсация төлөнөт. Жаңы документте маркумдун жакындарына кызматкердин 20 айлык эмгек акысына тете кенемте берүү сунушталып жатат.

Кызматкер I топтогу майып болуп калса мурда 10 жылдык эмгек акысы төлөнчү, жаңы мыйзамда көрсөтүлгөндөй ага 10 айлык маянасы топтолуп бир берилет. II топтогу майып болуп калган кызматкер буга чейин 8 жылдык маянасын алса, эми 8 айлык маянасын чогултуп жөлөкпул катары алат. III топтогу майып болуп калган укук коргоо кызматкерге 5 жылдык маянанын ордуна 5 айлык маянасы колуна тийет.

15-майда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Чаткал районунун иш учурунда каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21 миллион сом кенемте төлөп берүү боюнча өкмөттүн сунушун колдогон. Бакирдин Жанузаков былтыр июль айында жол кырсыгынан каза болгон.

Комитет жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева мыйзам боюнча иш учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөсүнө алардын 20 жылдык айлыгына тете кенемте төлөнөрүн айткан.

Депутаттар кызмат учурунда каза тапкан прокурорлорго бериле турган кенемте өтө эле көп экенин айтып, мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүштү. Маселе коомчулукта да талкууланып, социалдык тармактын колдонуучулары да кенемтенин суммасы көп экенин жазып чыгышкан.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы иш учурунда каза болгондо кенемте прокурорлорго эле эмес, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Бажы кызматынын, Салык кызматынын жана Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлерине да төлөнөрүн билдирген.

17-май күнү президент Садыр Жапаровдун басма Эрбол Султанбаев мамлекет башчы укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат учурунда каза болгондо төлөнө турган кенемте боюнча маселени изилдеп чыгуу тапшырмасын бергенин маалымдаган. Фейсбуктагы баракчасына жазган постунда ал “компенсациянын суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай” болушу керектигин кеп кылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG