Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:19

Сенегалдагы толкундоодо тогуз киши каза болду


Дакардагы башаламандык. 1-июнь, 2023-жыл. Сенегал.
Дакардагы башаламандык. 1-июнь, 2023-жыл. Сенегал.

Сенегалдагы толкундоолордо тогуз киши каза тапты. Бул тууралуу өлкө бийлиги билдирди. Өкмөт ошондой эле соңку күндөрдөгү башаламандыктарга байланыштуу социалдык тармактарга бөгөт койгон.

1-июнда баш калаа Дакарда демонстранттар полицияга таш ыргытып, көчөлөрдөгү автоунааларды өрттөп, жолдорду торошту. Тартип коргоочулар аларга каршы көздөн жаш чыгарчу газ колдонду. Толкундоолордун тутанышына оппозиция лидерине чыккан соттун өкүмү түрткү болду.

Бейшембиде оппозиция лидери Усман Сонко эки жылга эркинен ажыратты. Ал өзү сот жараянына катышкан жок. Сонко кызматынан пайдаланып 21 жашка чыга электер менен сексуалдык катнашка барган деп айыпталууда.

Муну менен оппозиция лидери 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого катыша албай калат. Ал азыркы президент Маки Саллдын башкы атаандашы боло турганы боолголонуп жаткан.

49 жаштагы Сонко өзү жана тарапташтары ага козголгон кылмыш иштин саясий мүдөөсү бар деп эсептейт. Ал 2019-жылы өткөн президенттик шайлоодо үчүнчү орунду алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG