Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Иранда студенттин өлүмүнөн улам акцияга чыккандарга ок атылды


Ирандагы демонстрация. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирандагы демонстрация. Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандын батышындагы Абданан шаарында 21 жаштагы студенттин өлүмүнө байланыштуу ондогон адамдар нааразылык акциясына чыгып, өкмөткө каршы ураандар айтылды. Социалдык тармактарга тараган видеолордо демонстранттар жолдорду бөгөп, "Хаменеиге өлүм" (Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи), "Биз балдарды өлтүргөн өкмөттү каалабайбыз" деп кыйкырып жатышканын көрүүгө болот.

Адам укуктарын коргоого багытталган Hengaw сайты маалымдагандай, каршылык акциясына чыккандарды күч органдары ок атып, жаш чыгарчу газ чачып, союл менен сабап таратууга аракет кылды. Бир нече демонстрант жаракат алды.

Көп жылдан бери чет жакта жашаган, Абданандан чыккан активист Исса Базиар "Твиттерге" жазгандай, Сулейманхани 26-майда үйүнө "ур-токмокко алынгандай абалда, колдорунда күйгүзүлгөн тамекинин издери менен" келген". Көп өтпөй ал комага түшүп, ошол эле түнү жан берген.

Абданандагы тартип коргоо жана сот органдары Сулейманханинин өлүмү тууралуу толкундоолор болгончо эч кандай комментарий берген эмес. Ал эми 1-июнда Илам провинциясындагы сот бийлигинин башчысы Омран Али Мохаммад "Тасним" маалымат агенттигине Сулейманхани "өз жанын кыйганын" билдирди.

Буга чейин абакта жаткан жеринен көз жумган Махса Амининин өлүмүнө байланыштуу тутанган демонстрацияларда жалпысынан 750дөй студент камалганын укук коргоочулар белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG