Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Президент Жапаров Европа менен кызматташууда темир жолдун маанисине токтолду


"Европа Биримдиги - Борбор Азия" саммитти. 2-июнь, 2023-жыл.
"Европа Биримдиги - Борбор Азия" саммитти. 2-июнь, 2023-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Борбор Азиянын экономикасынын өсүшү аймактык транзиттик, транспорттук жана логистикалык потенциалды өнүктүрүүгө байланыштуу экенин белгилеп, аймак үчүн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорунун маанисине токтолду. Ал мындай пикирин "Европа Биримдиги - Борбор Азия" саммитинде билдирди.

“Бул мега долбоорду ишке ашыруу биздин аймакты транспорттук туюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды бириктирет. Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгыш аймагына, Иранга, Перс булуңуна жана Түндүк Африка өлкөлөрүнө жүк ташуу географиясын кеңейтет. Борбор Азия менен Европа Биримдигинин кызматташтыгы тынчтык, туруктуулук, өнүгүп-өсүү боюнча жалпы максаттарыбызга жетүү үчүн олуттуу потенциалга ээ”, - деди Жапаров.

Жапаровдун айтымында, өткөн жылы Европа өлкөлөрү менен Кыргызстандын товар жүгүртүүсү 603,1 миллион долларды түзгөн. Анын ичинен экспорт 75,8 миллион доллар, импорт 527,3 миллион доллар болгон.

Былтыр Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган.

Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш.

2-июнда Чолпон-Атага саммитке катышуу үчүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел келди. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG