Чолпон-Атада президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында "Европа Биримдиги - Борбор Азия" форматындагы экинчи саммит өтүп жатат.
Жыйында Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров эл аралык коомчулуктун, анын ичинде Европа Биримдигинин ооган элине гуманитардык колдоосун кубаттай турганын билдирди.
“Биз Ооганстандагы аялдардын билим алууга жана иштөөгө болгон укуктарынын чектелишине байланыштуу дүйнөлүк коомчулуктун тынчсыздануусун тең бөлүшөбүз. Ооганстандагы азыркы де-факто бийлик органдарынын өкүлдөрү менен эки тараптуу байланыштардын жүрүшүндө жана эл аралык аянтчалардагы иш-чараларга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасы ооган аялдарынын ислам дининин жана шарияттын түшүнүктөрүнүн негизинде билим алуу жана ишке орношуу укуктарын белгилейт. Мындан улам, бул маселени чечүүгө ашыкча басым жасабастан, ошол эле маалда Ооганстандын жаңы бийликтери менен ынандыруу жана конструктивдүү диалог аркылуу мамиле кылууну зарыл деп эсептейбиз”, - деди Жапаров.
Чолпон-Атада "Европа Биримдиги - Борбор Азия" форматындагы экинчи саммит өтүп жатат. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров коопсуздук маселеси тууралуу сүйлөп жатып, Украина-Орусия согушу тууралуу да пикирин билдирди.
Жапаров Кыргызстан кандай гана чыр-чатак болбосун сүйлөшүү жолу менен чечилишин, мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн сактоону колдой турганын белгиледи.
2-июнда Чолпон-Ата шаарына “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитине катышуу үчүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел келген.
Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин Борбор Азия лидерлери менен Чолпон-Ата шаарындагы кездешүүсүн утурлай беш укук коргоочу уюм аймактагы адам укуктарынын абалын да талкуулоого чакырышты.
"Борбор Азия — Европа Биримдиги" биринчи жолу былтыр, 27-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн. (TSh)