Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:32

Пашинян: Украинадагы согушта Армения Орусиянын союздашы эмес


Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян.
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян.

Украинадагы согушта Армения Орусиянын союздашы эмес экенин Никол Пашинян CNN Prima News чех телеканалына курган маегинде айтты.

"Бул согуш, бул жаңжал бизди тынчсыздандырат. Анткени бул биздин алакаларыбызга түздөн-түз таасирин тийгизет", - деген армян премьер-министринин сөзүн өкмөттүн маалымат кызматы таратты.

Анын сөзүнө караганда, Батышта Арменияны көбүрөөк Орусиянын союздашы катары көрүшөт, ошол эле маалда Ереван Украинадагы согушту колдобостугун Москва көрүп турат.

Буга чейин Пашинян Армениянын Евразия экономикалык бирикмесине мүчө экенине жана Орусия менен "терең экономикалык жана стратегиялык алакаларына" карабастан Москваны колдогону үчүн Батыштын санкциясына "илингенге алы жоктугун" айткан.

Ошондой эле май айында Пашинян Ереван азырынча Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун биргелешкен машыгууларына катышуу тууралуу чечим кабыл ала электигин билдирген.

Буга Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова жооп кайтарып, "эгер бул Армениянын ЖККУдан чыгуу боюнча позициясын ишке ашыруу үчүн айтылган болсо, анда сөз менен манипуляция кылуунун канчалык деңгээлде кооптуу экенин түшүнүшүбүз керек деп ойлойм", - деп айткан.

Армениянын премьер-министри Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлү анын сөзүнө комментарий бербестен, маалымат иретинде кабыл алышы керектигин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG