Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Күрөш: Айпери Медет кызы Бишкектеги мелдеште алтын медал тагынды


Айпери Медет кызы Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеште. 2-июнь, 2023-ж. Бишкек. “Бишкек Арена” спорт комплекси.
Айпери Медет кызы Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеште. 2-июнь, 2023-ж. Бишкек. “Бишкек Арена” спорт комплекси.

Бишкекте өтүп жаткан Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеште Айпери Медет кызы алтын медал тагынды. 76 килограмм салмакта күч сынашкан балбан финалда кытайлык Юанюан Хуангды 5:3 эсебинде жеңди.

Финалга чейин казакстандык Гүлмарал Еркебаеваны (4:1), чейрек финалда украиналык Анастасия Алпиееваны (10:6), жарым финалда кытайлык Киендегенчаганды (6:3) жеңип алган.

Буга чейин күрөштүн бул түрүнөн 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова коло байге алган. Ал 3-орун үчүн беттеште канадалык Оливия Граце Ди Баккону (2:1) жеңип алды.

1-июнда башталган мелдеш 4-июнга чейин уланат. Алдыда эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшүнөн таймаштар болот. Буга чейин болгон грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда Бексултан Махмудов (97 кг), Дастан Кадыров (63 кг) жана Бексултан Назарбаев (82 кг) коло медалга ээ болгон.

Аталган турнирге 20дан ашык өлкөдөн 500дөй спортчу катышууда. Алардын катарында олимпиаданын жети чемпиону, дүйнөнүн 17 чемпиону, 30дан ашык ар кандай эл аралык абройлуу спорттук мелдештерди уткан байге ээлери, Европа чемпиондору, континент аралык турнирлердин жеңүүчүлөрү бар. (ECh/GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG