Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Шарль Мишелдин Кыргызстанга болгон расмий сапары башталды


Шарль Мишель жана Садыр Жапаров. Чолпон-Ата шаары. 3-июнь, 2023-жыл.
Шарль Мишель жана Садыр Жапаров. Чолпон-Ата шаары. 3-июнь, 2023-жыл.

3-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга болгон расмий сапары башталды. Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Шарль Мишель эл аралык маанидеги маселелерди талкуулап, аймактагы кызматташтык боюнча пикир алмашканын билдирди.

“Биздин өлкөгө жана регионго сиздин жеке көңүл бурганыңыз бизге Европа Биримдиги менен өнөктөштүк мамилелерди мындан ары ар тараптуу өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн кошумча стимул берет. Европа Биримдиги биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз болуп саналат. Көз карандысыздыкка ээ болгондон бери ортобузда жалаң ишеним өнүгүп, достугубуз бекемделип жатат”, - деди Садыр Жапаров.

Шарль Мишель 2-июнда Чолпон-Атада өткөн “Европа Биримдиги - Борбор Азия” форматындагы экинчи саммит региондогу өлкөлөр менен Евробиримдиктин мамилесин өнүктүрүүгө түрткү берерин айтты.

Андан тышкары бул сапары Кыргызстан менен Европа Биримдигинин алакасын жаңы деңгээлге алып чыгууга мүмкүнчүлүк берерин билдирди.

2-июнда Чолпон-Атада “Европа Биримдиги - Борбор Азия” саммитине Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель катышты. Жыйынга Садыр Жапаров төрагалык кылды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG