Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:38

Шарль Мишел Борбор Азияны тооруган санкциялар тууралуу маалымат берди


Еврокеңештин президенти Шарль Мишел жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Чолпон-Ата шаары.02.06.2023
Еврокеңештин президенти Шарль Мишел жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Чолпон-Ата шаары.02.06.2023

Европа кеңешинин президенти Шарль Мишел Чолпон-Атадагы саммиттен кийинки маалымат жыйынында “Азаттык” радиосунун “Евробиримдик Кыргызстанга, Казакстанга же Өзбекстанга санкция салышы мүмкүнбү?” деген суроосуна жооп берди.

Ал Европа Биримдиги Орусиянын согуш машинасын колдогондорго чара көрүп жатканын, жаңы санкциялар учурда талкууланып жатканын белгиледи.

“Биз буга чейин Орусиянын согуш машинасын колдогондорго көп чараларды көргөнүбүз анык. Биз санкциялардын 10 пакетин макулдашканбыз. Биз учурда санкцияларды буйтап өтүү тобокелдигин азайтуу үчүн болжолдуу санкциялардын 11-пакетин талкуулап жатабыз. Так айтып койгум келет, мындай чараларга Орусиянын согуш машинасын колдогондор түрткү берди. Биз эч кандай экстратерриториалдуулук принцибин колдонбойбуз”, - деди Мишел.


Ал кошумчалагандай, Евробиримдик бир жагынан өз өнөктөштөрүн Орусияга Батыштын санкцияларын буйтап өтүүгө көмөктөшпөөгө чакырат, экинчи жагынан санкцияларга байланыштуу ал өнөктөштөрдүн суроолорун же кандайдыр бир көйгөйлөрүн угуп, талкуулоого даяр.

Май айында АКШ Орусиянын 69 компаниясын “кара тизмеге” киргизген, алардан тышкары Армениянын бир, Кыргызстандын бир компаниясына санкция салынган.

Март айында Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Бишкекке келип, сүйлөшүү жүргүзгөн. Ал биримдиктеги өлкөлөр менен Борбор Азиянын ортосундагы товар сатуу 300% өскөнүн белгилеп, Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жол бербөө маселесин койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG