Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

Жапаров менен Мишелдин жолугушуусунда адам укуктары тууралуу сөз болду


Шарль Мишель жана Садыр Жапаров. Чолпон-Ата шаары. 3-июнь, 2023-жыл.
Шарль Мишель жана Садыр Жапаров. Чолпон-Ата шаары. 3-июнь, 2023-жыл.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Жолугушуу 3-июнда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өттү.

“Жолугушууда президенттер демократия, адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн урматтоо, экономикалык кызматташтык жана туруктуу өнүктүрүү максаттарына негизделген эки тараптуу кеңири кызматташууну мындан ары тереңдетүү ниетин билдиришти”, - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Биргелешкен билдирүүдө демократия жана адам укуктары маселесинде Европа Биримдигинин Кыргызстанга болгон колдоосу белгиленген. Мындан тышкары мыйзам үстөмдүгү, билим берүү, санариптештирүү жаатында Евробиримдиктин программалары маанилүү экени камтылган.

Тараптар Кыргызстанга эле эмес бүтүндөй чөлкөм үчүн кесепети тие турган климаттын өзгөрүшүнө жана мөңгүлөрдүн эришине байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча кызматташуу жолдорун талкуулашты.

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел Кыргызстанда расмий сапары менен жүрөт. Ал 2-июнда Чолпон-Атада “Европа Биримдиги - Борбор Азия” саммитине катышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG