Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Кыргыз Википедиясынын түзүлгөнүнө 21 жыл болду


Кыргыз Википедиясынын түзүлгөнүнө 21 жыл болду.
Кыргыз Википедиясынын түзүлгөнүнө 21 жыл болду.

“Сорос-Кыргызстан” фонду 3-июнда кыргыз Википедиясынын түзүлгөнүнө 21 жыл болгонун билдирди. Фонддун маалыматына ылайык, алгачкы тогуз жылда анын иши жай жүрүп болгону 1300 макала киргизилген.

2011-жылдан тартып “Сорос-Кыргызстан” маалымат киргизүүгө колдоо көрсөтө баштаган. Ушу күндө Википедияда кыргыз тилиндеги маалыматтардын саны 80 миңден ашты. Википедиянын бардык тил бөлүмдөрүнүн арасынан 142-орундан 81-орунга көтөрүлдү.

Интернеттеги Википедия сайтынан 300дөй тилде маалымат алып, түшүндүрмө тапса болот. Каалаган интернет колдонуучу кайсы бир түшүнүк жөнүндө бул энциклопедияга маалымат жазып же буга чейин жазылган макалаларга түзөтүүлөрдү киргизе алат.

Википедия сайтын 2001-жылы 15-январда Жимми Уэлс жана Ларри Сэнгер аттуу ишкерлер түзгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG