Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Акылбек Жапаров Кыргызстанды суу менен камсыздоого 1,2 млрд. доллар керектигин айтты


Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн Суу форумунда. 31-май, 2023-жыл.
Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн Суу форумунда. 31-май, 2023-жыл.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстандын суу ирригациялык системаларын модернизациялоого 800 миллион доллар зарыл экендигин жана өлкөнү толук таза суу менен камсыздоого 400 миллион доллар керектелерин билдирди. Бул тууралуу пикирин ал 31-майда “Суу – өнүгүү башаты” урааны менен Бишкекте өткөн форумда айтты.

Жапаровдун айтымында, бул тармактагы долбоорлорду өкмөт Дүйнөлүк банк менен бирге жүргүзөт.

Форумга катышкан Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани “эгерде 2050-жылга чейин планетаны сактоого багытталган координацияланган чаралар ишке ашпаса, дүйнө глобалдык орду толгус кесепеттерге туш болорун” белгиледи. Ал Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн экономикасы 20-30 жылдан соң суунун жетишпестигинен кескин төмөндөй турганын кошумчалады.

Суу форумунун алдында Акылбек Жапаров Антонелла Бассани менен жолугуп, Кыргызстанда 232 айылда жана 27 шаарда жалпы суммасы 468,2 млн. долларлык инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатканын айткан. Буга Дүйнөлүк банктын салымы чоң экенин айткан.

Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, Кыргызстандагы 1873 айылдын 346сында таза суу системасы такыр жок, 476 айылда эскилиги жеткен. Таза суу менен камсыздалбаган айылдардын саны боюнча Баткен жана Ош облусу алдыңкы орунда турат.

Кыргыз бийлиги 2026-жылга чейин айылдарды толук таза суу менен камсыздоо программасын кабыл алганын жарыялаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG