Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Сот "Казак" деген каймана атка конгон Умар Маратовду үй камагына чыгарды


"Казак" каймана аттуу Умар Маратов.
"Казак" каймана аттуу Умар Маратов.

Ошто мындан үч күн мурун кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, "Казак" деген каймана атка конгон Умар Маратов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу "Азаттыктын" күч органдарындагы булактары кабарлады.

Маалыматтарга ылайык, тергөөчүлөр аны тергөө аяктаганга чейин камакта калтырууну өтүнүшкөн. Шектүүнүн жактоочусу өтүнүч келтирип, 1 миллион сом күрөө коюу жолу менен эркиндикке чыгарууну сунуштаган. Шаардык соттун судьясы анын өтүнүчүн канааттандырган.

Ош шаардык милициясы Умар Маратов үй камагына чыгарылганын ырастап, бирок соттун чечимине комментарий бере албай турганын кабарлады.

Криминалдык чөйрөдө "Казак" каймана аты бар Умар Маратов жана анын шеригин 28-майга караган түнү Ички иштер министрлигинин аймактар аралык башкармалыгы Ош шаарындагы Sky Bаr түнкү эс алуу клубунан кармаган.

Шектүүлөргө Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси("Опузалап талап кылуу") менен иш козголуп, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Кармалгандар буга чейин "Тойота-Камри 70" үлгүсүндөгү машинени ээсинен коркутуу жолу менен тартып алышкан.

Умар Маратов ("Казак") бир канча жолу соттолгон. Соңку бир жылдын ичинде ушуну менен үчүнчү ирет үй камагына чыгарылып жатат.

2019-жылы октябрь айында 16 жаштагы кызды зордуктаган деген шек менен кармалган Маратов 2022-жылдын январында үй камагына чыгарылган. Кийинчерээк мындай чечим чыгарган судья кызматынан бошотулган. 2022-жылдын декабрында "бейбаштык" беренеси менен кармалып, кайра үй камагына чыккан.

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтордун иш-аракеттери коомчулукту кооптондуруп келет. Ушул жылдын башында уюшкан кылмыштуу топтордун тиреши күч алып, эки жаран аёосуз сабалып, анын бирөө көз жумган.

ИИМдин маалыматына караганда, 2022-жылы ар кандай кылмыштуулук боюнча уюшкан кылмыштуу топтун 153 мүчөсү кармалган. Министрликтин атайын каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун 1199 мүчөсү турат. (DSh\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG