Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:19

Бишкекте таза суунун тарифи кымбаттайт


Бишкек шаардык кеңеши 30-майдагы жыйынында таза сууга жана канализацияга болгон тарифтин баасын көтөрүү боюнча токтом долбоорун колдоду. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Токтом 1-июндан баштап күчүнө кирет.

Документке ылайык, бир куб метр таза суу:

  • шаар тургундары үчүн 8,1 сомдон 10,45 сомго;
  • бюджеттик мекемелер үчүн 9,1 сомдон 12,95 сомго;
  • башка керектөөчүлөр үчүн 13 сомдон 18,5 сомго кымбаттады.

Ал эми канализацияга болгон тариф төмөнкүдөй:

  • шаар тургундары үчүн 2,3 сомдон, 3,45 сомго;
  • бюджеттик мекемелер үчүн 3 сомдон 4,5 сомго;
  • башка керектөөчүлөр үчүн 6 сомдон 9 сомго көтөрүлдү.

Тарифти өзгөртүүгө шаар тургундарын таза суу менен камсыздоодогу коопсуздук жана гигиеналык талаптарды аткарууга, саркынды сууларды тазалоого, суу-канализация түтүктөрүн жаңылоого чоң көлөмдөгү каражат кетери себеп болгон. Ошондой эле “Бишкек шаарынын суу менен камсыздоону жакшыртуу долбоору” боюнча алынган насыяны төлөө жана бул тармактагы техникалык тейлөөнү жакшыртуу үчүн бааны көтөрүү муктаждыгы жаралган. Учурда бул жумушту аткарган “Бишкексууканал” ишканасы каржылык жактан оор абалда экени да токтомдун долбоорунда жазылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG