Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:30

Киевде орус армиясынын дрон чабуулунан бир киши набыт болду


Украинанын абадан коргонуу системасы Киевдин үстүнөн орусиялык армиянын дронун атып түшүрдү. 30-май, 2023-жыл.
Украинанын абадан коргонуу системасы Киевдин үстүнөн орусиялык армиянын дронун атып түшүрдү. 30-май, 2023-жыл.

30-майга караган түнү Орусиянын армиясы украин баш калаасына кайрадан учкучсуз аппараттар менен чабуул койду. Украин бийлиги дрондордун көбү асмандан атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Киевдин мэри Виталий Кличко Телеграмга жазганына караганда, чабуулдан улам калаанын бир нече районунда өрт тутанды. Ал эми кулаган дрондун калдыктары Голосеев районундагы көп кабаттуу имаратты тилсиз жоо капташына түрткү болду.

"Бир киши мерт кетти. Жалпы Голосеев районунда төрт киши ооруканага жеткирилди. Медиктер жеринен жардам көрсөтүштү", - деген Кличко 20 киши коопсуз жакка көчүрүлгөнүн жазды.

Украин аскерлери билдиргендей, чабуул негизинен Иранда чыгарылган дрондор менен жасалып, таңкы 4.30га чейин уланды.

Ушуну менен май айынын башынан бери Киевге 17-жолу чабуул коюлду.

30-майдын таңында Москванын мэри Сергей Собянин да орус баш калаасына дрондор менен чабуул коюлганын билдирди.

Эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG