Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Депутаттар курултай делегаттарынын бир жылга шайланышына каршы чыкты


Бишкекте өткөн курултай, 25-ноябрь, 2023-жыл.
Бишкекте өткөн курултай, 25-ноябрь, 2023-жыл.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Жыйында депутат Нурбек Сыдыгалиев курултайдын делегаттарын бир жылга шайлоого каршы чыкты.

"Бир эле жолу шайлансын деп жатышат. Бир жылга шайлангандар акимге барып алып "айыл өкмөттөрдү чогултуп бер" дейт экен. Айыл өкмөттөрдөн отчет алалы дейт. Мага чалып жатат. "Курултайчыларга отчет беребизби?" деп. Алар бир эле шайланып, курултайдан кийин укугу бүтүшү керек", - деди ал.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев депутатка жооп берип, делегаттардын макамы мыйзам кабыл алынгандан кийин белгилүү болорун билдирди.

Абыкеев өткөн курултайдын делегаттарында мамлекеттик органдардан отчет алууга укугу жок экенин айтты.

Бир нече депутат дагы Сыдыгалиев көтөргөн маселени айтышты.

Жогорку Кеңеш 15-мартта курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, талаш-тартыштардан улам документ күн тартибинен алынган. Анда курултайдын, делегаттардын ыйгарым укуктары узарганы, парламенттин, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин ишине чейин аралашып-кийлигишүүсүнө жол ачкан беренелер бар экени айтылган.

Документтин авторлору долбоордун концепциясын кабыл алуу зарылдыгын айтып, айрым беренелерди өзгөртүүгө макул болгон.

Буга чейин мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун башчысы, "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев анда 22 берене 15ке чейин кыскарганын билдирген.

Жогорку Кеңеш 10-майда “Элдик курултай жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кайрадан биринчи окууда карап, концепциясын кабыл алган.

Бул мыйзам долбоору былтыр жазында дагы талаш-талкуудан улам кабыл алынбай калган. Элдик курултай институту 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга киргизилген. Ага ылайык, былтыр сентябрга чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек эле.

Мыйзам кабыл алынбай калгандыктан, президент Садыр Жапаров өз жарлыгы менен Элдик курултай топтогон. Былтыр 25-26-ноябрь күндөрү өткөн элдик курултайга, бардык аймактардан, четтеги мигранттар арасынан тандалган миңден ашуун делегат катышкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG