Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:24

Президент кеңешчисинин төңкөрүш жөнүндөгү сөзү сынга кабылды


Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетиндеги “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жаткан жыйында депутат Мейкинбек Абдалиев өлкөдө төңкөрүш болгон учурда курултайдын ролу кандай болоруна кызыкты.

"Мындай болбой эле койсун. Бирок, дагы бир төңкөрүш болсо курултай эмне иш аткарат? Курултай чогулабы? Ушундай максатта түзүлгөн жатабы?".

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев 2020-жылдагы Октябрь окуясында парламент депутаттары кетип калганын айтып, эми курултай чогулат деген пикирин билдирди.

"Мен жанатан бери түшүндүрө албай жаткан "бир жолу жана бир жылдык" дегендин маанисине өзүңүз жооп бердиңиз. Мен дагы ошону айта албай жатам, кудай сактасын. Эгерде күтүүсүз абал болуп калса, бул мыйзам кабыл алынгандан кийин Элдик курултай чакырылат. Мындайча айтканда, Элдик курултайдын делегаттары келет. Өткөндө Жогорку Кеңештин депутаттары кетип калган. Бийликтин бир дагы өкүлдөрү калбай калган. Ошондо элдин үнүн уга турган башка бийлик бутагы жок калган. Ошондуктан бир жылдык мөөнөткө шайлануу зарылчылыгы ушундан улам болуп жатат", - деди Абыкеев.

Депутат Абдалиев ар кандай саясий окуяларда "курултай делегаттары чогулуп, президенттин милдетин аткаруучуну аныктоочу орган болобу" деп суроосун тактады.

Абыкеев "бийлик бутагынын ээси - эл чечет, 2020-жылдагы Октябрь окуясында парламент депутаттары качып кеткен" деди.

Абыкеевдин сөзүн бир нече депутат кескин сындап, парламент залынан чыгып кетүүнү сунуштагандар болду. Эл өкүлдөрү президенттин кеңешчисин төңкөрүш жана депутаттар жөнүндө байкап сүйлөөгө чакырды.

Комитет жыйынында депутаттар курултай делегаттарынын бир жылга шайланышына каршы чыкты.

Жогорку Кеңеш 15-мартта курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, талаш-тартыштардан улам документ күн тартибинен алынган. Анда курултайдын, делегаттардын ыйгарым укуктары узарганы, парламенттин, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин ишине чейин аралашып-кийлигишүүсүнө жол ачкан беренелер бар экени айтылган.

Документтин авторлору долбоордун концепциясын кабыл алуу зарылдыгын айтып, айрым беренелерди өзгөртүүгө макул болгон.

Буга чейин мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун башчысы, "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев анда 22 берене 15ке чейин кыскарганын билдирген.

Жогорку Кеңеш 10-майда “Элдик курултай жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кайрадан биринчи окууда карап, концепциясын кабыл алган.

Бул мыйзам долбоору былтыр жазында дагы талаш-талкуудан улам кабыл алынбай калган. Элдик курултай институту 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга киргизилген. Ага ылайык, былтыр сентябрга чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек эле.

Мыйзам кабыл алынбай калгандыктан, президент Садыр Жапаров өз жарлыгы менен Элдик курултай топтогон. Былтыр 25-26-ноябрь күндөрү өткөн курултайга, бардык аймактардан, четтеги мигранттар арасынан тандалган миңден ашуун делегат катышкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG