Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Араб инвесторлоруна 13 долбоор сунушталды


Араб координациялык тобу катышкан IV тегерек стол, Чолпон-Ата шаары - 03.08.2022
Араб координациялык тобу катышкан IV тегерек стол, Чолпон-Ата шаары - 03.08.2022

3-4-августта Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун өкүлдөрү катышкан IV тегерек стол болуп өттү. Жыйында Кыргызстанда ишке ашырыла турган 13 долбоорду каржылоо маселеси каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев Араб координациялык тобунун фонддорунун Кыргызстандагы ишин жогору баалай турганын айтып, карала турган долбоорлорду атады.

Адылбек Касымалиев
Адылбек Касымалиев

"Бул долбоорлор саламаттык сактоо, ирригация, темир жол инфратүзүмү, турак жай куруу, билим берүү мекемелерин куруу, айыл жерлерин суу менен камсыздоону жакшыртуу, почта бөлүмдөрүн жаңыртуу сыяктуу бир катар маанилүү тармактарды камтыйт. Өтүп жаткан иш-чарабыз сиздер менен болгон өз ара мамилебизди бекемдөөгө, кыргыз элинин бакубаттуулугун жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга чоң салым кошот деп терең ишенем".

Турак жайды ипотекалык каржылоо да бар

Тегерек столго чейин Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши менен Тышкы иштер министрлиги кеңешүү механизмдери боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Уюмдун Башкы катчысы, доктор Наиф Фалах Аль-Хажраф Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен алакаларды кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, белгиленген артыкчылыктуу багыттарды санады.

Доктор Наиф Фалах Аль-Хажраф
Доктор Наиф Фалах Аль-Хажраф

"Бул экономикалык багыт, инвестициялык чөйрө, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан багыттар, туризм да бар. Ушул багыттарда биз, буюрса, жемиштүү иштегенге кызыкдарбыз".

Иш-чаранын уюштуруучуларынын маалыматына ылайык, донорлорго сунушталган долбоорлор менен алардын айрымдарынын болжолдонгон суммасы төмөнкүдөй:

  • Турак жайды ипотекалык насыялоо жаатындагы 5 фазадан турган долбоорлор
  • Ичүүчү суу менен камсыздоо долбоору – 150 млн. доллар
  • Ирригация тармагында, анын ичинде Жалал-Абад облусундагы негизги каналдарды жаңылоо жана калыбына келтирүү долбоору – 100 млн. доллар
  • Мектептерди куруу жана жабдуу долбоору – 100 млн. доллар
  • Бишкек шаарындагы №1 клиникалык оорукананы реконструкциялоо жана заманбап жабдыктар менен камсыздоо долбоору – 20-25 млн. доллар
  • "Кыргыз Почтасын" жаңылоо долбоору
  • Луговой-Балыкчы темир жолун электрлештирүү долбоору.

Президенттик администрациянын Туруктуу өнүктүрүү максаттары жана донордук координациялоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Сыдыков тегерек столдун алкагында бул долбоорлордун жалпы концепциясы талкууланганын билдирди. Алар Араб координациялык тобу тарабынан дагы бир сыйра каралып, изилденет.

Бакыт Сыдыков
Бакыт Сыдыков

«Билим берүү тармагындагы долбоордун жалпы суммасы 100 млн. доллардын тегерегинде болот. Ал каражаттын 15 млн. долларын грант түрүндө берүү тууралуу алдын ала келишим болду. Буга чейин Global Partnership for Education (GPE) эл аралык уюму гранттык сумманы бөлүп берүү ниетин билдирген. Калган 85 млн. доллар жеңилдетилген насыялык шартта берилери күтүлүүдө. Бирок акыркы суммасы бир нече баскычтагы изилдөөлөрдөн кийин гана так айтылат. Долбоорду баалоо, акча бөлүү жана ишке ашыруу бир нече жылга созулушу мүмкүн. Алдыда техникалык жумуштар, финансылык баалоо жана келишимге юридикалык баа берип кол коюу процедуалары аткарылат. Араб координациялык тобунан бериле турган насыялардын шарты өтө жеңилдетилген категорияга кирет. Карыздын көлөмү дароо эле өсүп кетпейт. Каражат долбоорлордун ишке ашканына жараша бир нече жылда келет".

Сыдыковдун айтымында, Ислам өнүктүрүү банкынын үстөк пайызы 1,5% ашпайт, пайызсыз насыялары дагы бар. Сауд өнүктүрүү фондунун үстөк пайызы 1% көп эмес. Кувейт фонду 1-1,5% үстөгү менен берет. Насыялар 30 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Анын ичинде негизги сумманы төлөөгө 10 жылга чейин каникул берилет.

"45 миңге жакын бала мектеп менен камсыз болот"

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, республика боюнча 245 авариялык абалдагы мектеп бар жана 126 мектеп үч смен менен окуп жатат. Болгону 22,5% балдар бала бакча менен камсыздалган. Министр Алмазбек Бейшеналиев араб фонддоруна ушундай көйгөйлөрдү чечүү боюнча долбоорлор сунушталып жатканын билдирди.

Алмазбек Бейшеналиев
Алмазбек Бейшеналиев

"Ошолорду камсыздоонун санын көбөйтүү максатында, ошону менен бирге авариялык абалдагы мектептерди кайра жаңыртуу үчүн Араб координациялык тобу менен атайын гранттык жана насыялык багыттагы иштерди сүйлөшүп жатабыз. Азыр мектептерди жана бала бакчаларды куруу боюнча Мамлекеттик курулуш агенттиги 100 млн. долларлык, ал эми Билим берүү министрлиги 60 млн. долларлык долбоорду демилгелеп жатабыз. Эгер колдоо таба турган болсо, анда Кыргыз Республикасында жалпысынан 45 миңге жакын бала мектеп менен камсыз болот. Андан тышкары, ошол эле санга жакын бала бала бакча менен, 3000ге жакын мугалим эмгек орду менен камсыз болмокчу".

Тегерек столдо араб инвесторлоруна "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы Луговой-Балыкчы темир жолун электрлештирүү долбоорун сунуштады. Ишкананын Капиталдык курулуш боюнча башкармалыгынын жетекчиси Улан Кулов долбоордун экономикалык жана экологиялык таасири чоң болорун айтат.

Улан Кулов
Улан Кулов

"Бул долбоор ишке ашса экономикалык жактан да, экологиялык жактан да чоң таасири бар. Биринчиден, биз импорт менен келген дизел отунунан баш тартып, өзүбүздөн чыгарылган электр энергияга өтөбүз. Мындан тышкары, поезддин ылдамдыгы, ташылган жүктүн көлөмү көбөйөт. Дагы бир маанилүү эффект экологиялык жактан болот. Айлана-чөйрөнү булгаган зыяндуу заттар толугу менен жокко чыгарылат".

Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлангандай, тегерек столдо Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын 2022-2026-жылдарга кызматташуу стратегиясы талкууланды. Аталган министрлик иштеп чыккан стратегияда ипотекалык насыя берүү, энергетика, транспорт, таза суу менен камсыздоо, санариптештирүү, соода, каржылоонун ислам принциптери жана "Халал индустрияны" өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык планы жазылган.

"Инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө көбүрөөк көңүл бурулушу керек"

Экономика боюнча серепчи Эрлан Камалов бул иш-чараны тышкы соода-экономикалык алаканы диверсификациялоонун бир өңүтү катары көрөт.

Эрлан Камалов
Эрлан Камалов

«Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууда сөзсүз бир канча мамлекеттерди, багыттарды негиз кылып алсак жакшы болот. Ошонун бири катары Перси булуңундагы жана Араб мамлекеттер лигасына кирген инвестициялык потенциалы чоң өлкөлөр менен иш алып баруу биз үчүн бир кыйла пайдалуу. Эң негизги нерсе, бул жерде диний окшоштук дагы роль ойнойт. Себеби мусулман мамлекеттери катары араб өлкөлөрү кийинки учурда Борбор Азия мамлекеттерине өздөрүнүн инвестициялык кызыкчылыктарын көрсөтүп келет. Ошол эле учурда биз туура багыттарды көрсөтө билсек жакшы болот. Эгерде мурда көбүнчө мечиттерди куруп берүү, майда социалдык маселелерди чечүү менен алек боло турган болсо, эми келечекте чоң инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги ачылып, Ислам өнүктүрүү банкы жана араб мамлекеттеринин инвестициялык институттарын колдонуу аркылуу инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча чоң долбоорлорду, эң негизгиси, кайтарымдуу долбоорлорго инвестиция жумшоо жагын карашыбыз керек".

Араб координациялык тобунун курамында Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, араб экономикалык өнүгүүсү Кувейт Фонду, Абу-Даби өнүктүрүү фонду, ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фонду бар.

Кыргызстан менен Араб координациялык тобунун кызматташтыгы 2009-жылы биринчи тегерек столду өткөрүү менен башталган. Экинчи отурум 2014-жылы, ал эми үчүнчү жыйыны 2017-жылы өтүп, Кыргызстанда 10 долбоорду каржылай турганы маалымдалган. Анын ичинде Ысык-Көл айлампа жолун оңдоо, Инновациялык медициналык борборду түзүү, Талас, Баткен облустарын таза суу менен камсыз кылуу сыяктуу долбоорлор болгон. Бирок алардын канчасы ишке ашканы жана башка жыйынтыктары боюнча расмий маалымат жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG