Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

Мэрия: Бишкектеги суу таңкыстыгын жоюу үчүн 500 миллион сом керек


Күн ысыгандан бери Бишкектин айрым конуштарында, райондорунда жашагандар бир нече күндөн бери суу чыкпай жатканына даттанууда.
Күн ысыгандан бери Бишкектин айрым конуштарында, райондорунда жашагандар бир нече күндөн бери суу чыкпай жатканына даттанууда.

Жогорку Кеңеш 8-июндагы жыйынында Бишкек жана анын жака-белиндеги конуштардагы суу таңкыстыганан улам жаралган маселени чукул карап жатат. Анда мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев бул көйгөйдү чечүү үчүн жаңы суу топтогон жайлар курулушу керектигин, ага кеминде 500 миллион сом жумшаларын билдирди. Учурда жерлерди трансформациялоого байланыштуу иш-аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

"Бизге "Башкарасуу" суу топтогон жайынын жанынан төрт гектар, "Сельский" суу топтогон жайынын жанынан дагы үч гектар, ал эми "Контррезервуар" жайынын жанынан дагы төрт гектар жер керек. Бир суу топтогон жайды куруу үчүн болжол менен 150 миллиондой сом сарпталат, ошондуктан жалпысынан 500 миллиондой сом керек", - деди Шамыралиев.

Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунда суу тартыштыгына нааразы болгон ондогон адам 7-июнда акцияга чыккан. Алар кыска убакытка жолду тосуп, кайра ачкан. Конуштун тургундары бир канча күндөн бери таза суу берилбей жатканын сынга алып, маселенин чечилишин талап кылган.

Бишкекте күн ысыгандан бери айрым райондун тургундары бир нече күндөн бери суу чыкпай жатканына даттанууда.

Шаардык мэрия таза суунун жетишсиздигинен рейд жүрүп, борбордо сууну көп сарптаган 15 жеке мончо жана автоунаа жуучу жай убактылуу жабылганын 3-июнда кабарлаган.

Мэриянын маалыматына караганда, Бишкекти таза суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу алгычы камсыздайт. Анын 40% ашыгы Орто-Алыш суу алгычынан келет. Орто-Алыш суу алгычында жер астындагы суунун деңгээли 15 метрден 20 метрге чейин төмөндөгөн. Мындан тышкары мөңгүлөр жай эрип жатат. Мэрия калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Шаар бийлиги акыркы жылдары өзгөчө жай мезгилинде калкты таза суу менен камсыз кылуу маселеси турак жайларда гана эмес, бүтүндөй Бишкек шаарында да курчуп кеткенин билдирди.

Мекеме ичүүчү суунун тартыштыгын эл сууну чарбалык аянттарын сугарууга жумшап жана сарамжалсыз пайдаланганына байланыштырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG