Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Бишкекте тез татым жайларынын биринде тамактан 10 адам ууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 7-июнда тез татым түйүндөрүндүн бириндеги тамактан он адам ууланды. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти аталган жай текшерилгенин билдирди. Анда жер-жемиштерди жана жумуртканы жууп-тазалоо эрежеси, дезинфекциялоо шарттары сакталбаганы белгилүү болду. Ошондой эле алынып келген азык-түлүктөрдүн документтерине байланыштуу бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Ошондой эле жумушчулардын айрымдарында медициналык күбөлүк болгон эмес. Мындан улам эки протокол толтурулуп, бул тез татым жайына 36 миң сом айып пул салынды жана иши убактылуу токтотулду.

Аталган департамент жарандарды тез татым жайларынан тамактанууда сак болууга, ууланууга мүмкүн болгон учурларды эске алууга чакырды.

Кыргызстанда буга чейин дагы тез татым жайларында, кофе-ресторандарда жапырт ууланган учурлар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG