Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

Муфтият "Салык чек" лотереясы шарыятка туура келерин билдирди


Сатуучуларды контролдук-кассалык машина (ККМ) колдонууга үндөгөн лотерея алгачкы жолу былтыр уюштурулган.
Сатуучуларды контролдук-кассалык машина (ККМ) колдонууга үндөгөн лотерея алгачкы жолу былтыр уюштурулган.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) Салык кызматынын чек лотереясы шариятка каршы келбесин билдирди. Бул тууралуу аталган кызмат кабарлады.

"Лотереяда ойнотулган байгелерди мамлекет коюп, ага катышуу акысыз болгондуктан, мындай лотереяга шарыят уруксат берет. Эгерде уюштуруучу лотереялык билеттерди сатуу менен байге ойнотсо, анда шарыятта буга тыюу салынган деп эсептелет", – деп жазылган муфтияттын чечмелөөсүндө.

Салык кызматы лотерея тууралуу маалыматтык өнөктүк маалында айрым жарандардын оюндун шарыятка туура келип-келбеси тууралуу күмөн саноосунан улам муфтиятка кайрылган.

Лотереянын биринчи туру ушул жылдын 26-июнунан 1-июлуна чейин өткөрүлөт, анда 10 электромобиль жана 1000ден ашык баалуу байгелер ойнотулат. Чектеги ар бир 1000 сом 1 билет деп эсептелип, ага өзүнчө ID номер берилет.

Сатуучуларды көзөмөл-кассалык машина (ККМ) колдонууга үндөгөн лотерея алгачкы жолу былтыр уюштурулган. 1-апрелден тартып 31-декабрга чейин үч жолу ойнотулуп, ага 19 миллионго жакын билет катышкан. Байге фонду 65 миллион сомдук лотереянын жеңүүчүлөрүнө автомашина, тиричилик техникасы жана башка баалуу белектер тапшырылган.

Быйылкы жылы республикалык бюджеттен 438 миллион сом бөлүнөрү айтылган. Жеңүүчүлөргө өкмөт 10 батир, 20 автомашина, Дубайга эки кишиге 6 жолдомо, 1000 iPhone 14 жана ошондой эле 40 Dyson стайлерин, 300 ноутбук жана 1000 Xiaomi 11T смартфонун убада кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG