Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Кыргыз-казак чек арасында 200дөн ашык жүк ташуучу автоунаа кезекте турат


Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы "Ак-Тилек" жана "Кең-Булуң" чек ара бекетеринде машиналардын кезеги пайда болгонун билдирди. Мекеменин 7-июнь 16:30га карата берген маалыматына караганда, эки бекетти кошкондо жалпысынын 230дай машина кезекте турат.

Чек ара кызматы машиналардын тыгынын Кыргызстандан башка мамлекеттерге айыл чарба өнүмдөрүнүн экспорту көбөйгөнү менен түшүндүргөн. Башка өткөрмө бекеттери штаттык режимде иштеп жатканын, узун кезек жоктугун кошумчалады.

Жогорку Кеңештин 1-июндагы жыйынында депутат Дастанбек Жумабеков Таласта кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" өткөрүү бекетинде да жүк ташыган машиналардын тыгыны азайбай жатканын айтып, "Кичи-Капка" бекетин ачууну сунуштаган.

Буга чейин чек ара бекетин ачууда Казакстан тараптын бардык инфраструктурасы даяр экени, Кыргызстанга бажы бекетин Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ылайык келтирүү талабы коюлганы кабарланган.

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги маал-маалы менен пайда болуп турат.

Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Эки өлкөнүн чек арасында жалпы жети өткөрмө бекети бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG