Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:28

Парламент этникалык кыргыздарды көчүрүп келүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды


Мургабдагы этникалык кыргыздар, иллюстрациялык сүрөт.
Мургабдагы этникалык кыргыздар, иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш тарыхый мекенине кайтууну каалаган этникалык кыргыздарды көчүрүп келүү процессин жакшыртуу жана жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзамдын долбоорун 7-июндагы жыйында үчүнчү окууда жактырды. Ага ылайык, “Этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилет.

Депутаттар тобу жана өкмөт демилгелеген мыйзам долбоору Кыргызстандын аймагында жашаган этникалык кыргыздарды колдоо, азыркы мыйзамдын кемчиликтерин жоюуга, этникалык кыргыздарды жана кайрылмандарды каттоо системасындагы маселелерди чечүүгө, этникалык кыргыздарды жана аларды кабыл алуу шарттарын жакшыртууга багытталган.

Азыркы мыйзамдын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-абзацын төмөнкүдөй мазмунда толуктоо сунушталууда:

“Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги мекемелери кайрылман статусун ыйгаруу үчүн талапкерлердин арыздарын жана документтерин кабыл алат . Алар каттоодон өткөрүлгөндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде калктын миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органына жөнөтөт”.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 2022-жылы башка өлкөлөрдө жашаган 507 этникалык кыргызга кайрылман макамы берилип, Кыргызстандын паспорту тапшырылган. Мунун 338и тажикстандык кыргыздар, 151и өзбекстандык кыргыздар, алтоо Кытайдан жана он чактысы Ооганстандан келген кыргыздар.

Буга чейин башка өлкөлөрдөн көчүп келген этникалык кыргыздардын 10 миңдейи документи жок жүргөнүн депутат Жанарбек Акаев айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG