Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Новокаховдо зоопарктагы жүздөгөн жаныбарлар сууга чөгүп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруудан кийин Новокахов (Новая Каховка) шаарындагы жергиликтүү зоопарктагы жүздөгөн жаныбарлар сууга чөктү. Мекеменин директору Елена Навроцкая кызматкерлер эртең мененки саат 6да келген учурда зоопаркты суу каптап, "жаныбарлардын тарпы калкып жүргөнүн" билдирген.

Анын айтымында, 300дөй жаныбар, анын ичинде маймыл, павлин, енот, суур, тоту куш, фазан, пони сыяктуу жаныбарлар жана канаттуулар суу алдында калган. Учурда зоопарк жайгашкан "Казкова дiброва" эс алуу комплексин толугу менен суу басты.

Мекеме бул жайга жакын жерлер орусиялык аскерлер тарабынан миналангандыктан, жаныбарларды сактап калууга мүмкүн болбогонун Фейсбук баракчасына жазды.

"Биз жарыксыз, жылуулугу жок, дайыма аткылоонун астында өтө оор кышты башыбыздан өткөрдүк. Ушундай коркунучтуу учурда дагы жаныбарлардын өмүрүн сактап калууга бүт аракетибизди жасадык. Бул абдан чоң кайгы жана жоготуу. Биз үчүн кайгырып жаткандарга рахмат. Бирок бизге азыр жардамдын кереги жок болуп калды", - деди зоопарктын администрациясы.


Кахов ГЭСинин дамбасы 6-июнга караган түнү жардырылган. Днепр дарыясындагы ири дамбаны жардырганы үчүн Киев Москваны айыптаган. Кремль Кахов ГЭСиндеги жардырууга тиешеси жок экенин билдирген. Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кахов ГЭСинин жардырылышын атайылап жасалган диверсия деп атаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG