Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:13

Казакстанда казинодо миллиондорду уттурган мамлекеттик кызматкерлер иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Коргоо министрлиги казино ойногону үчүн 11 кызматкерди иштен алды.

Ондогон адамга сөгүш жарыялап, аскердик чини төмөндөтүлдү. Былтыр журналисттер Алматы прокуратурасына шилтеме жасап, 305 мамлекеттик кызматкер казинодо 506 миллион теңге (1 млн. доллардан ашуун) сарпташканын жазышкан.

Алардын арасында Ички иштер, Коргоо, Каржы министрликтеринин өкүлдөрү да болгон.

"11и кызматтан бошотулду. Калган аскер кызматкерлерине катуу сөгүш берилип, айып пул салынды, аскердик чиндери төмөндөтүлдү", - деген министрлик Protenge Телеграм-каналына берген жообунда.

Казакстанда мамлекеттик кызматкердин этикалык кодексине ылайык, аткаминерлерге оюн-зоок мекемелерине кирүүгө тыюу салынат.

Кыргызстанда казино ачканга уруксат берген талаштуу мыйзам быйыл кабыл алынып, президент кол койгон. Кумарканаларга кыргыз жарандарына кирүүгө уруксат берилбейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG