Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Владивостокто Түндүк Кореянын консулунун аялы жана баласы дайынсыз болууда


Владивостоктогу Орусиянын жана Түндүк Кореянын желектери.
Владивостоктогу Орусиянын жана Түндүк Кореянын желектери.

Орусиянын Тергөө комитети Түндүк Кореянын Владивостоктогу консулунун аялы жана баласы жоголгонуна байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Түндүк Кореянын башкы консулу Цой Ен Намдын 43 жаштагы аялы жана 15 жаштагы уулу 4-июндун таңында дипломатиялык мекеме жайгашкан аймактан чыккан бойдон дайыны билине элек. Алардын жоголгону тууралуу консул өзү полицияга билдирген. Полициянын версиясына ылайык, алар Кытайга же Түштүк Кореяга качып кетиши мүмкүн.

Amur Mash Телеграм-каналы жазган маалыматка ылайык, консулдун аялы менен уулу такси менен Хабаровскиге жетип алып, андан ары Красноярск аркылуу өлкөдөн чыгып кетишкен.

Түндүк Кореянын жарандары режимдин катаалдыгынан улам Түштүк Кореяга көп качышат. Алардын көбү Орусия аркылуу чыгып кетишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG