Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Беларус: бийликти басып алуу кутумуна айыпталган Сапегага ырайым берилди


София Сапега.
София Сапега.

Беларустун лидери Александр Лукашенко NEXTA оппозициялык басылмасынын мурдагы башкы редактору Роман Протасевичтин сүйлөшкөн кызы София Сапегага ырайым берди. Соттун чечими менен алты жылга соттолгон Сапеганы абактын оозунан Орусиянын Приморск крайынын башчысы Олег Кожемяко баштаган топ тосуп алды. Ал Телеграм-каналына Сапега ырайым ал ттууралуу Лукашенкого кайрылгандан кийин берилгенин, ал Оррусияга, атасына барарын жазды. Сапега апасы менен кичинекей кезинде Беларуска көчүп келгенге чейин Приморск крайында жашаган.

Өткөн айда Лукашенко Роман Протасевичке ырайым берген. Анын алдында Минскидеги сот аны Беларустагы бийликти басып алуу кутумуна жана массалык башаламандык уюштурууга айыптуу деп тапкан жана сегиз жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле, экстремисттик топко жетекчилик кылган деген айып да коюлган.

Басылманын иши боюнча күнөөлөнүп жаткан дагы эки киши – Степан Путило 20 жылга жана Ян Рудик 19 жылга сыртынан кесилген.

NEXTA каналы 2020-жылы Лукашенкого каршы нааразылык акцияларын чагылдырганда кеңири таанылган. Негиздөөчүлөрү - Степан Путило жана Роман Протасевич экстремисттик ишмердикке аралашкан адамдардын тизмесине киргизилгенден кийин Беларустан чыгып кеткен.

2021-жылдын 23-майында Протасевич сүйлөшкөн кызы София Сапега менен Афиныдан Вилньюска баратканда, Ryanair авиакомпаниясынын учагы күчтөп Минскиге кондурулган жана экөө тең камакка алынган. Көп өтпөй Протасевич мурдагы санаалаштарын сындаган интервьюларды бере баштаган жана күнөөсүн моюнга алган. Көп узабай бийлик менен кызматташканы белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG