Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Жалал-Абадда чайкана өрттөнүп, эки адам мерт болду


Чайканага күйүп жатканы тууралуу 8-июнга караган түнү, саат 2ден өткөндө маалымат түшкөн.
Чайканага күйүп жатканы тууралуу 8-июнга караган түнү, саат 2ден өткөндө маалымат түшкөн.

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда Винсовхоз айылындагы чайкана толугу менен өрттөнүп, эки адам набыт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Ага ылайык, чайкана күйүп жатканы тууралуу 8-июнга караган түнү, саат 2ден өткөндө маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылып, таңкы саат 5те толук өчүрүлгөн.

"Өрт өчүрүүчү жана куткаруучулар 1964-жылы туулган Ж.Т. менен 1936-жылы туулган Т.П. аттуу эки адамдын сөөгүн алып чыгып, милицияга өткөрүп берди. Учурда өрттүн тутанган себебин иликтеп, тактоо уланууда",-деп жазылган маалыматта.

Аталган министрликтин маалыматына ылайык, былтыр өрттөн өлкөдө 30 адамдын өмүрү кыйылган. Жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 3 миллиард сомдон ашкан. Кырсыктарда 31 адам куткарылып, 52 млрд. сомдук мүлк сакталып калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG