Өткөн айда Каспий деңизинин тартылып баратканына байланыштуу Актауда киргизилген жергиликтүү маанидеги өзгөчө кырдаал режими август айына чейин узартылды.
Бийликтегилер деңиздин айланасында абал оор экенин ырасташууда. Жергиликтүү калк маселени чечүү кийинкиге калтырылса, соолуп калган Арал трагедиясы кайталанышы мүмкүн деп кооптонот.
"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Айнур Сапарованын макаласы.
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ ЖАНА КЫРСЫК
200 миң калкы бар Актау шаары сууну Азербайжан, Иран, Казакстан, Орусия жана Түркмөнстанга бөлүнгөн Каспий деңизинен алат.
7-июнда Актау акимчилиги деңиздеги суунун деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыялады. Бийлик бул чаралар деңиз суусун тузсуздандырып, аймактын калктуу конуштарын техникалык жана таза суу, жылуулук жана электр кубаты менен камсыз кылган Мангистау атомдук энергокомбинатынын (МАЭК) ишине эч кандай таасир этпей турганын билдирди.
3-июлда МАЭКтеги казандын кубаты кескин көбөйүп, №1 энергоблок иштен чыккан. Кырсыктын кесепетинен Мангыстау жана коңшу Атырау облустарында электр жарыгы өчүп, миңдеген адамдар таза суусуз калган.
Атырау мунайды кайра иштетүүчү заводдо (АМКЗ) электр кубаты өчүрүлгөнүнө байланыштуу өрт чыккан. Кийин кырсык болуп, өндүрүштү токтотууга туура келген. Казакстандын батышындагы бир катар мунай өндүрүүчү ишканалардын иши жарым-жартылай же толугу менен токтотулган.
МАЭКте күнү-түнү жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин натыйжасында өкмөттөгүлөр комбинаттын иши калыбына келгенин, "күнөөлүү адамдар жоопко тартыларын" билдирди. Бирок кырсык болгон энергоблокто кайрадан маселе жаралып, иш дагы бир суткага токтоп калган.
ДЕНИЗГЕ КӨЗ КАРАНДЫ МАЭК
Эксперттердин айтымында, өткөн кылымда деңгээли бирде төмөндөп, бирде көтөрүлүп турган Каспий 2005-жылдан бери тартылып баратат. Азыр Балтика тутуму боюнча деңиздин деңгээли минус 29 метрге чейин төмөндөдү.
Актау шаарынын тургундары бир кезде суусу толуп турган деңиз тартылып баратканын айтышууда. Кээ бир жерлерде суу жээктен 30-60 метрге, кээ бир жерлерде 100-200 метрге чейин тартылып кеткен. Бул МАЭКтин Каспий деңизинен суу алган каналына да таасирин тийгизет.
МАЭК ЖЧКсынын башкы деректиринин биринчи орун басары Мурат Игалиевдин айтымында, 2005-жылы каналдын суу астындагы бөлүгү 590 метр болсо, азыр 145 метрден ашпайт. Деңиз тартыла берсе, канал сууга такыр жетпей калып, ишкананын иши токтошу ыктымал.
Игалиев маселенин алдын алуу үчүн каналды тазалоо, түбүн тереңдетүү керек деп эсептейт. Ал долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзө турган подрядчикти тез арада табуу керектигин айтат. Игалиевдин айтымында, учурда деңиздин тереңдигин аныктоо жана деңиз экотутумуна зыян келтирбөө үчүн кандай жабдууларды колдонуу алгылыктуу болорун билүү үчүн иликтөө иштери жүрүп жатат.
"1400 метр жерди изилдешибиз керек. Узундугу 870 метр келген канал бизге таандык. Деңиз акваториясын текшерүү үчүн башкы кеңсеси Атырау шаарында жайгашкан суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо боюнча Жайык-Каспий бассейндик инспекциясынан уруксат алуу зарыл", - дейт Игалиев.
Өткөн кышта МАЭКти суу менен камсыз кылган канал тоңуп, өндүрүштүн кубаттуулугу азайган. Адистер деңиз суусунун тоңуп калышын Каспийдин деңгээлинин төмөндөшү менен байланыштырууда. МАЭКтин жетекчилери келерки кышта суу тоңуп калышы мүмкүн деп кооптонууда.
ТАРТЫЛЫП БАРАТКАН ӨЗӨН
Жергиликтүү тургундар Урал дарыясынын Каспийге куйган куймалары тайыз болуп баратканын айтууда. Уралдын куймасы деңиздин эң тайыз түндүк бөлүгүндө – Атырау облусунда жайгашкан. Элде бул куйма "деңиз оозу" деп аталат.
25-майдан 31-августка чейин урук таштоо учуру болгондуктан, Атырау облусунда балык уулоого тыюу салынды. Деңизден дарыяга сүзүп келген балыктар жазында урук чачып, кайра деңизге кайтат.
Суу ресурстарын пайдаланууну жана коргоону жөнгө салуу боюнча облустар аралык Жайык-Каспий бассейндик инспекциясынын башчысы Нурлыбек Гайсиндин айтымында, жакында Уралдын деңизге куйган жерин изилдөө учурунда айрым жерлерде суу тизеден төмөн экени аныкталган. Орточо тереңдиги - 50 сантиметр, айрым жерлерде 25 сантиметрди түзөт.
Болжол менен былтыр да ушундай эле болгон. Гайсин көйгөй 2021-жылдан бери пайда болуп, кырдаал курчуп баратканын айтууда. Анын сөзүнө караганда, былтыр күзүндө балык уулоочу кайыктар деңизге чыга албай, дарыяга да кире албай калган. Атүгүл быйыл жазгы балык уулоодо да Каспий деңизине чыга алышкан эмес. Чек арачылар да деңизге чыга албай калышты.
"Быйыл Уралга суу көбүрөөк келгендигине байланыштуу аз да болсо деңизде, дарыяда суу бар. Бирок деңиз тартылып жатат. Быйыл түбүн тереңдетпесе, кышында дарыяда балык калбай калышы мүмкүн", - дейт Нурлыбек Гайсин.
ОРУСИЯНЫН "АЙЛА-АМАЛЫ"
Актаулук активист Азамат Сарсенбаев социалдык тармактарда жээк тилкеси тууралуу тартылган видеолорду жарыялоо менен коомчулуктун көңүлүн Каспий деңизинин азайып баратканына бурууга аракет кылууда.
"Мындан он жыл мурун биз турган ушул таштарга жетүү үчүн 200 метрдей сүзчүбүз. Эми, өзүңөр көрүп тургандай, бул жакка жөө эле жетебиз", - дейт ал.
Активисттин айтымында, Каспий деңизи ага куюп жаткан дарыялардан суу көп алынганынан улам азайып баратат: дарыялардын башатында көптөгөн суу сактагычтар жана өнөр жай объектилери курулган, аларга ири көлөмдөгү суу керектелет.
"Карыялар 1977-жылы Каспий тартылып, кийин кайра калыбына келген деп айтышат. Бирок ал кез менен азыркы учурду салыштырууга болобу? 1977-жылдары калктын саны аз эле, Волга менен Уралда өнөр жай объектилери мынчалык көп эмес болчу. А азыр суу сактагычтар курулду. Алардын да суусу азайып барат. 50 жыл ичинде ушунчалык көп нерсе өзгөрдү. Маселе сууну кантип колдонгонубузга да байланыштуу", - дейт Азамат.
Казакстанда Каспиядин көйгөйү менен кесиптик деңгээлде шугулданган мекемелер жок. "Баары орусиялык илим-изилдөөлөргө негизделген", - дейт Сарсенбаев.
Азамат быйыл жайында Азербайжанда болуп, деңиз жээгинде жашаган бакулуктар менен баарлашкан. Активист ал жерде да деңиз тартылып баратканын айтууда.
"Аксакалдар бир жерде деңиз жээктен 50 метр тартылып, деңгээли эки метрге төмөндөп кеткенин айтышты. Бир карыя деңиз 20-30 жылдан бери тартылып баратканын айтты. Эски Баку шаарында курулган Кыз мунарасынын аймагында да суу көп болгон. Азыр суу пляждардан 100 метр алыс аралыкта. Ишкерлер жыл сайын сөрүлөрүн жээкке жакын жылдырышат экен", - дейт Азамат Сарсенбаев.
Ал алдыда Орусия, Иран, Түркмөнстанга да барып, ал жактагы деңизди өз көзүм менен көрүп, жашоочулар менен баарлашсам деген ниетте.
EcoJer бирикмесинин Мангыстау облусундагы аймактык экологиялык кеңешинин төрагасы Кажымурат Хайрушев деңиздин тартылып баратканын билүү үчүн суу астындагы тектоникалык процесстерди изилдөө керек деп эсептейт.
"Мындан 10 жыл мурда эки дарыядан деңизге канча суу агып келип турганын, азыр канча агып келип жатат – аз келип жатабы, көп келип жатабы - такташ керек. Биринчиден, суу каякка кетет - бууланабы же Карабугаз булуңуна куябы? Карабугазга канча суу барарын эч ким айтпайт. Муну да аныктоо зарыл, бул экинчи маселе. Үчүнчү маселе: бул көл болгондуктан, бассейнди элестетет. Колуңуз менен дагаранын түбүн бир аз көтөрсөңүз, суу мелт-калт толуп, ашып жаткандай сезилет. Бакудан Түркмөнстанга чейин суу астында тоо пайда болуу процесстери жүрөт. Мүмкүн, астындагы жер катмарлары көтөрүлүп, деңиз дагы көтөрүлүп, сууга толгондой сезилет. Жер көтөрүлсө, деңиз көбөйүшү ыктымал. Төмөндөсө, ал азаят. Бизде деңиздин ар кайсы жердеги тереңдигин көрсөткөн карта бар. Бул белгилердин жардамы менен учурда деңиз көтөрүлүп жатабы же пастап жатабы - өлчөй аласыз. Деңиздин тартылып жатышынын көптөгөн себептери бар", - дейт бир нече жыл мурда облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгын жетектеген Хайрушев.
Казакстандын мурдагы суу чарба министри, инженер-гидротехник Нариман Кыпшакбаев “Азаттыкка” курган маегинде чек ара аралык суу ресурстары маселесинде Орусиянын таасиринде турат деп, Астананын аракеттерин сынга алды.
"Мисалы, Уралдын бир жылдык суусунун камы 11 миллиард кубометрди түзөт. Алардын жети-сегиз миллиарды Каспий деңизине туура келет. Калган үч миллиарды — Орусия менен Казакстандын эл чарбасы үчүн сарпталат. Азыр чек ара аралык дарыялар департаментиндегилер [Экология министрлигине караштуу]: "Биз өз суубузду алып жатабыз" деп жатышат. Алар жаңы документке кол коюшту. Эми Орусиянын айла-амалын карагылачы. Орусия: "Казакстандын чек арадагы үлүшүн беребиз" деди. Буга биздин адистер кол коюшту. Буга чейин мен кол койгондо: “Каспийге барчу сууга эки тарап тең жооп берет, анткени Каспий жалпыныкы, ошон үчүн сууну чек арадан бербей, чек арага чейин алып келесиңер" деп келишкен элем.Биз биргелешип Каспий деңизине жеткиребиз деп макулдашкан болчубуз. Суу Каспийге жетпесе, Орусиядан "Каспийдин суусу кайда?" деп сурай алмакпыз. Эгерде Каспийге 7 миллиард кубометр суу агып келсе, анда Урал мынчалык тайыз болуп кетпейт эле, аны ары-бери кечип өтө алышмак эмес", — дейт тажрыйбалуу адис Кыпшакбаев.
МИНИСТРЛИК: КӨЙГӨЙ БАР
Казакстандын экология министри Зульфия Сулейменова Каспий деңизине куйчу дарыялардын агымы азайганын, экологиялык тутум катары деңиздин абалы "өтө оор" экенин билдирди. "Биз Каспийге куйган дарыялардын абалын көрүп турабыз жана кандай болбосун ар кандай кыскаруу, өзгөрүү, жөнгө салуу түздөн-түз таасирин тийгизет. Экинчи жагдай - климаттын өзгөрүшү. Ал дарыялардын гидрологиялык режимдерине таасир этет. Акыркы жылдары кургакчылык көп болду.
Каспий деңизинин Казакстан тараптагы бөлүгү өтө тайыз. Ошондуктан биз тышкы экзогендик фактор катары жөнгө салуунун жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин биринчилерден болуп сезип жатабыз. Тилекке каршы, маселе бар", - деди Сулейменова өткөн айдын башында.
Каспий деңизинин тартылышы жээгиндеги өлкөлөргө олуттуу экономикалык жоготууларды алып келип, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. Андыктан беш өлкөнүн биргелешкен аракети менен маселени чечүү үчүн майнаптуу чараларды көрүү зарыл деп эсептейт өкмөт өкүлү.
ТУРИЗМГЕ УРУЛГАН СОККУ
Быйыл балырлардын айынан жээк жашыл болуп калды. Кээ бир жерлерде жагымсыз жыт бар. Жеке ишкерлер өз аймагындагы балырларды өз күчү менен тазалашууда.
Актау шаарынын тургуну Самат Товморинов серфинг такталарын ижарага берет. Жыл өткөн сайын тартылып бараткан деңиздин абалы ишкерди тынчсыздандырып келет.
"Мурда деңизге эки кадам аттап эле жетчүмүн, азыр карагылачы, жабдууларыбызга коопсуз керектүү тереңдикке жетүү үчүн жээктен 15, атүгүл 20 метрге чейин барабыз. Деңиз азайган сайын кум да тартылат. Асты канчалык таштак экенин өзүңүз байкап көрсөңүз. Мындагы көптөгөн көйгөйлөр, балким, экотутумга байланыштуу. Тактап айтканда, мурда бул жерде балык көп болчу. Бала кезде килька, рак, креветка кармачубуз. Мүмкүн, деңиз тартылса, мунун баары жок болот, өзгөрөт. Аксакалдар деңиз кайра толот дешет, бирок буга ишенүү кыйын", - дейт Товморинов.
Эгер Каспий маселеси тез арада чечилбесе, анда аймак чоң апаатка дуушар болот деп эсептейт ишкер.
Актаулук ишкердин пикиринде, Каспий деңизинин эң тайыз түндүк бөлүгү Арал деңизинин тагдырын кайталап калышы ыктымал, анткени деңиздин бул бөлүгүнүн орточо тереңдиги болгону төрт метрди гана түзөт.
Сергей Кулкин - Каспийдин жээгинде 30 жылдан бери иштеп келе жаткан "Бриз" яхта клубу коомдук бирикмесинин жетекчиси. Ал белгилегендей, деңиз 2005-жылы тартыла баштаган. Ошондон бери кайык, кеме токтоочу жай жылына 50 метрге жылдырылып турат. Буга жылына беш-алты миллион теңге сарпталат. "Бул биз үчүн чоң чыгым", - дейт 20 жылдан ашык кеме, кайык жана катамарандарды ижарага алуучулардын мүчөлүк акыларынын эсебинен жан багып жаткан бирикмени жетектеп келген Кулкин.
"Мен Актауга 1977-жылы жаш адис катары жолдонмо аркылуу келгем. Деңиз деңгээли 1980-жылга чейин көтөрүлүп, андан кийин төмөндөй баштады. 1977-жылы биз Гавайыдагыдай толкундарда серфинг менен сүзчүбүз. Кайыктарда сыңар калак менен сүзө алчу эмеспиз. Азыр андай эмес. Быйылкы сезондо биз кемелердин аймагын таштардан тазаладык. Деңизге чыгуу катамарандар үчүн өзгөчө кыйын. Келерки жылы суу дагы тартылса, катамарандар жээкте калат", - дейт Кулкин.
Былтыр ачылган №1 пляждын өкүлү Аманжол Шабаевдин айтымында, быйыл деңиздин тайыздыгынан улам 10 метрлик кеме токтоочу жай дагы 12 метрге узартылган. Шабаев быйыл деңиз жээги пляждан 15 метрге тартылып кеткенин айтат.
"Жээктеги абал ар башка. Каражанбас, Каламкас сыяктуу пайдалуу кендери бар жерлерде жана мен жакында барган 43-чакырым деп аталган жерде деңиздин канчалык тартылып кеткенин даана көрүүгө болот", - дейт Шабаев.
АКТАУ ЖАНА КУРЫК ПОРТТОРУ
Казакстандан Азербайжанга Каспий деңизи аркылуу жүк ташыган Актау жана Курык портторунун жетекчилиги деңиздин тайыздыгы ишке терс таасирин тийгизип жатканын айтууда. Каспий деңизинин деңгээли азайып баратат, ошондуктан деңиз унаасынын жүгү аз болууда дешет.
“Азаттыктын” кабарчысы баарлашкан Актау эл аралык деңиз соода портунун төрагасы Абай Турикпенбаевдин айтымында, 2022-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-январына чейин деңиздин деңгээли 30 сантиметрге чейин төмөндөгөн. Буга чейин жыл сайын 5-10 сантиметрге азайып турган.
Турикпенбаев Казакстанда деңиздин тартылып кетишинин себептерин изилдөөчү илим-изилдөө институттарынын жоктугуна кейийт. Ошондуктан ал орус окумуштууларынын божомолдоруна - өткөн жылы белгилүү болгон сандарды быйыл берген - кайрылууга аргасыз.
"Деңиз тартыла берсе, кемелер жүк ташышы үчүн деңиздин түбүн дагы да тереңдетүү зарыл болот. Азырынча кырдаалдын таасири мунай ташыган кемелерге гана тийип жатат. Аларга жүк аз болууда", - дейт Абай Турикпенбаев.
"Курык порттору" ЖЧКсынын башкы деректири Серик Ахметов акыркы үч жылда жүк ташуунун көлөмү өскөнүн айтууда. Ал муну таажы вирус пандемиясы жана учурдагы геосаясий өзгөрүүлөр менен байланыштырууда.
"Деңиздин тайыздыгы бизге таасирин тийгизүүдө. Бизде [Курык портунда] деңиз терең, бул, албетте, жакшы. Себеби, Курык порту - салыштырмалуу жаңы порттордун бири. Долбоорду иштеп чыгууда биз 6,5 метр тереңдикти эсептедик. Каспий деңизи жылына 23 сантиметрдей тартылып баратат. Деңиз калыбына келет деген божомолдор бар. Тескери божомолдор да бар. Бирок биз кол куушуруп отура албайбыз. Учурда биз бельгиялык жана грекиялык деңиздин түбүн тереңдетип казуучу компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул маселе менен алты айдан бери алектенүүдөбүз. Деңиздин түбү катуу, анын тереңдигин изилдеп, долбоордук-изилдөө иштерин жүргүзөбүз", - дейт Ахметов.
Деңиздин түбүн 1,5-2 метрге тереңдетүү пландалууда. Ахметов азербайжандык кесиптештеринен жакынкы эки жылда деңиз деңгээли төмөндөй турганын угуптур. Андыктан азыр аракет кылбасак, кийин кеч болуп калышы мүмкүн деп түшүндүрдү ал.