Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Жоогазын гүлү жок болуп кетүү коркунучунда


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Сиз мандалак же жоогазындын Кыргызстанда канча түрү бар экенин жана анын канчасы "Кызыл китепке" кирип, коргоого алынганын билесизби?

Кыргызстандык экологдор белгилегендей, жетиштүү көзөмөл болбогондуктан жана адамдын аёосуз мамилесинен эндемикалык өсүмдүктөр, өзгөчө "Кызыл китепке" кирген эрте жазда чыккан гүлдөр, жоогазындын айрым түрлөрү жоголуп кетүү коркунучуна кептелди. "Жашыл планета" подкасты ушул темага арналат.

Кыргызстандан табылган жоогазындын жаңы түрү

Жоогазын - 80ден ашык түрдү камтыган көп жылдык жана пияз түптүү өсүмдүк. Түндүк Иран тоолору, Памир-Алай жана Тянь-Шань жоогазындын мекени жана эң көп түрү кездешкен аймак деп эсептелет.

Кыргызстанда жапайы жоогазындын 28 түрү бар. 2022-жылы экспедиция учурунда Кембридж университетинин окумуштуулары Кыргызстанда жоогазындын жаңы жана өзгөчө түрүн табышкан. Бул тууралуу ошол учурда британиялык университеттин сайтында жазылган. Узундугу 10-19 сантиметр болгон гүл Токтогул районунун тоолуу аймагынан табылган. Аны илимпоздор "Токтогул" (Tulipa toktogulica) деп аташкан. Жоогазындын бул жаңы түрү кайтарууда болуп, Ботаникалык бакта көбөйтүлөрү айтылган эле.

Жоогазындын дээрлик бардык түрлөрү эрте жазда гүлдөп, уругу аркылуу көбөйөт. Ошол себептүү экологдор бул гүлдөр кеңири тараган аймакка мал жаюу, гүлдү үзүү жана пиязын казып алууга катуу чектөө киргизүүнү, жоогазындын бардык түрүн "Кызыл китепке" киргизүү максаттуу деп эсептешет.

"Кызыл китепке" киргизилген жоогазынды үзүп алган кыз. Сары-Челек.
"Кызыл китепке" киргизилген жоогазынды үзүп алган кыз. Сары-Челек.

"Мандалакты табияттан сейрек көрүп калдык"

Эколог Алмагүл Кендирбаева соңку кездерде жоогазындардын сейрек кездешип жатышынын бир нече себебин атады. Анын айтымында, адамдын табиятка аёосуз мамилесинен улам сейрек кездешүүчү гүлдөр жоголуу коркунучунда турат. Жоогазындын көп түрү уруктан көбөйгөнүктөн урук байлоого жеткирбей жулуп кеткендер көп.

"Азыркы күндө мандалактарды табияттан көрүү көпчүлүк үчүн тоо эчкини же жапайы аркарды көргөндөй эле сейрек учурап баратат. Мандалак аябай кызык, кооз гүлдөгөндүктөн адамды өзүнө тартат. Аны бир боо кылып терип алабыз дагы, соолугунда ыргытып жиберебиз. Адамдардын кайдыгерлиги жана экологиялык тарбиянын тайкылыгы дагы таасир берет. Гүл тамыры менен көп жулуна бербейт. Эгерде жогорку бөлүгү жулунуп кетсе кийинки жылга пияз түп ылдыйыраак кетип калат дагы, урук байлабай калып жатпайбы. Мындан сырткары, кийинки мезгилде мал чарбачылыгы өнүгүп, эрте жазда малды жайган дагы мандалактарга терс таасирин тийгизүүдө. Жалпы кыргызстандыктарга кайрылат элем, жоогазынды көргөндө үзбөгүлө. Аны көргөнү, жөн эле сүрөткө тартуу үчүн келген туристтер бар. Мандалактар менен экотуризмди дагы өнүктүрсө болот".

"Кызыл китепке" кирген жоогазын түрлөрү

Кыргызстандын аймагында өскөн мандалактардын 11 түрү "Кызыл китепке" киргизилген:

Кыргызстандагы "Кызыл китепке" кирген жоогазындар.
Кыргызстандагы "Кызыл китепке" кирген жоогазындар.

Жазы аталыктуу мандалак - Алай тоо кыркасы, Сарыбий ашуусунда көрүүгө болот.

Кыргызстандагы "Кызыл китепке" кирген жоогазындар.
Кыргызстандагы "Кызыл китепке" кирген жоогазындар.

Корольков мандалагы - жалтырак мандалак. Түштүк-батыш Тянь-Шанда, Памир-Алай, Кыргызстанда Түркстан тоо кыркасында кездешет. Март-апрелде гүлдөйт, июнь-илюлда урук түйөт.

Кыргызстандагы "Кызыл китепке" кирген жоогазындар.
Кыргызстандагы "Кызыл китепке" кирген жоогазындар.

Кауфман мандалагы - Батыш Тяньшань, Чаткал тоо кыркаларында көрүүгө болот. Март-апрель айлары гүлдөп, уругу жана вегетативдүү жол аркылуу көбөйөт.

Кыргызстандагы "Кызыл китепке" кирген жоогазындар.
Кыргызстандагы "Кызыл китепке" кирген жоогазындар.

Грейг мандалагы - чаар мандалак. Түндүк жана Батыш Тяньшань, Талас, Кыргыз тоо кыркалары, Кемин жана Кичи Кеминде көрүүгө болот.

Кыргызстандын "Кызыл китебине" киргизилген жоогазын.
Кыргызстандын "Кызыл китебине" киргизилген жоогазын.

Төрт жалбырактуу мандалак - Ички Тяньшанда, май айында гүлдөйт.

Кыргызстандагы "Кызыл китепке" кирген жоогазындар.
Кыргызстандагы "Кызыл китепке" кирген жоогазындар.

Колпаков мандалагы - Түндүк Тяньшань, Кыргыз тоо кыркасы, Ысык-Көлдүн айланасында кездешет. Апрель-майда гүлдөйт, уругу аркылуу көбөйөт.

Кыргызстандагы "Кызыл китепке" кирген жоогазындар.
Кыргызстандагы "Кызыл китепке" кирген жоогазындар.

Окшош (тектеш) мандалак - Түркстан тоо кыркасындагы Аксуу дарыясынын бассейни, Төө жайлоо капчыгайы, Сүлүктүнүн (Баткен) чыгышындагы тоолордо кездешет. Уругу аркылуу көбөйөт.

Кыргызстандагы "Кызыл китепке" кирген жоогазындар.
Кыргызстандагы "Кызыл китепке" кирген жоогазындар.

Мала кызыл мандалак - Сүлуктү шаарынын ариддик тоо капталдарынын ар түрдүү тектеринде көрүүгө болот. Март-апрель айлары гүлдөп, уругу жана пияз түбү аркылуу көбөйөт.

Кыргызстандагы "Кызыл китепке" кирген жоогазындар.
Кыргызстандагы "Кызыл китепке" кирген жоогазындар.

Островский мандалагы - Кыргыз тоо кыркасында, бөксө жана шагылдуу тоолордун ортоңку алкактарында кездешет. Апрель-майда гүлдөйт, уругу аркылуу көбөйөт.

Кыргызстандагы "Кызыл китепке" кирген жоогазындар.
Кыргызстандагы "Кызыл китепке" кирген жоогазындар.

Жогору умтулган мандалак - Чаткал тоо кыркасында кездешет, май айынын башында гүлдөп, уругу аркылуу көбөйөт.

Кыргызстандагы "Кызыл китепке" кирген жоогазындар.
Кыргызстандагы "Кызыл китепке" кирген жоогазындар.

Зинаида мандалагы - Кыргыз тоо кыркасында кездешет. Апрель-майда гүлдөйт, уругу аркылуу көбөйөт.

Экологдор жоогазын менен бирге эле жок болуу коркунучуна кептелген - пион гүлү деп айтышат. Муну соңку учурда көптөгөн дары чөптөр сыяктуу эле чогултуп, сатып жүрүшөт.

"Андан сырткары, чымылдык деген гүл бар, укмуш сонун гүлдөйт. Ошонун тамырын чогултуп Кытайга жөнөтүшөт. Австриядан келген Катя деген окумуштуу ошонун казылгандарын көрүп ыйлап жибере жаздады. Бул дагы жоголуп кетүү коркунучунда. Анткени Кыргызстанда жумушсуздук күч. Мындай иш менен алектенгендер ушундай гүл керек дейт. Аны биздикилер кыргызча чогултушат. Көп кездешкен өсүмдүк болсо дагы анын 25% калыш керек. Бизде болсо дары чөптөрдү дагы таптаза кылып, отоо чөпкө өчү бардай чогултуп бергенге даяр. Анын тамырын гана алып кетет. Пион - дары өсүмдүк. Элдик медицинада стресстен арылуу, алкоголдук ичимдиктеринен баш тартыруу үчүн дагы кеңири пайдаланып жүрүшөт",-дейт Алмагүл Кендирбаева.

Грейг жоогазыны, Талас аймагы.
Грейг жоогазыны, Талас аймагы.

Кыргызстандагы жоогазындарды изилдөө үчүн чет элден келген окумуштуулар Ысык-Көлдөн баштап, Сары-Челек, Баткен, Алайга чейин барып жүрүшөт.

"Кызыл китеп" жоогазындарды ​сактай алабы?

Кыргызстанда 4100дөн ашуун өсүмдүктүн түрү болсо анын 83ү "Кызыл китепке" кирген. Ал такталып, алымча-кошумча болуп 2007-жылы жаңыртылган. Ага сейрек кездешүүчү жаныбарлар, өсүмдүктөр жана козу карындар тизмесинин негизинде түзүлөт. Демек, буга кирген өсүмдүктөр, анын ичинде жоогазындар дагы мамлекеттин өзгөчө кароосуна алынып, корголушу керек. Мыйзамда ушундай жазылган. Өкмөттүн токтомуна ылайык, бул тизмеге кирген өсүмдүктөрдүн бир даанасын үзгөндөргө айып пул салынат.

Геоботаник, Улуттук илимдер академиясынын караштуу Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары бөлүмүнүн лаборатория жетекчиси Адилет Усупбаев мыйзамдар иштебей, "Кызыл китепке" кирген өсүмдүктөрдү масштабдуу жок кылуу көрүнүштөрү байма-бай кезигип жатканынын айтып коңгуроо кагууда. Ал сейрек кездешкен өсүмдүктөрдү которуу боюнча лицензия алып жер казгандарга катуу талап коюуну сунуштады.

"Азыр Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас бүт эле жер талкаланып жатат. "Кызыл китеп" 2007-жылы чыккан. Бул ошол кезде окумуштуулар изилдеп, кайсыл өсүмдүк жоголуп жатат, кайсынысы коркунучта деп далай акча коротулуп түзүлгөн китеп. Илимдер академиясы, министрлик бекитип, андан кийин премьер-министр кол койот. Башкача айтканда, ага киргендер мамлекет тарабынан коркукка алынган. Андан тышкары, 2013-жылы айып пулдар каралган токтом чыккан. Эндемиктерге дагы өзүнчө айып пул кирген. Мисалы, ошол эле жоогазын, жапайы алма, жапайы алмурут кирген. Токтом бар, бирок иштебей эле турат. Биз жылда экспедицияга чыгабыз, жылда көрүп эскертип жатабыз, бирок реакция жок. Ушул айып пулдарга салып санаса, миллиарддаган каражат болмок", - деди Адилет Усупбаев.

Айып пулдар.
Айып пулдар.

Февралдын ортосунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери кен казуу багытында жалпы 7,1 миң лицензия берилгенин Фейсбук баракчасына жазды. Алардын ичинен 4,7 миң лицензияны жокко чыгаруу чечимдер чыккан, бирок лицензиялар тапшырылган эмес, субъектилерде калган.

Адилет Усупбаев ушунча жерде казуу иштери жүрүп, "Кызыл китепке" кирген өсүмдүктөрдү сактоо тууралуу аракет көрүлбөй жатканын сынга алууда. Геоботаник кум, шагыл казылып жаткан Боз-Бөлтөктү мисал келтирип, бул жерде "Кызыл китепке" кирген беш гүл бар экенин белгиледи.

"Алыс барбай Бишкектин жанындагы эле Боз-Бөлтөктү эле алалы, батыш тарабындагы тоону казуу үчүн 40ка жакын лицензия беришиптир. Топурак, шагыл казат. Ал жерде "Кызыл китепке" кирген беш өсүмдүк бар. Ошондо айып пулдун суммасын бешке көбөйтөбүз. Жергиликтүү эл бизге кайрылган. Биз жазында барып, бүт жазып Экология министрлигине тапшырганбыз. Мына ушул дагы буга чейин берилген 7 миң лицензиянын ичине кирип жатпайбы. Илимий кызматкер катары айтсам, эми ал жер эч качан калыбына келбейт. Мыйзам боюнча топурактын үстүңкү өсүмдүк өсө турган катмарын бөлүп алып бир жерге сакташ керек. Иши бүткөндө аны кайра алып келип, мурдагыдай кылып өстүрүп коюш керек. Ушул кен иштетүү мыйзамында так жазылган эмес. Ушуну дагы жеткире албай жатам. Бул катмар миң жылдап, он миң жылдап араң түзүлөт. Ошону өлтүрүп салгандан кийин калыбына келбейт. Кумтөрдү алсак дагы ошондой. Канчалык рекультивация фондго кетирип жатабыз, калыбына келтиребиз деген менен болбойт. Кумтөр дегенимдин себеби биз комиссия менен барганбыз. Мындай учур өлкөнүн бардык эле аймагында бар. Калыбына келтирип, чөп өстүрөм деген жомок", - деди Усупбаев.

Эколог Адилет Усупбаев тарткан сүрөт. Боз-Бөлтөктөгү "Кызыл китепке" кирген гүл.
Эколог Адилет Усупбаев тарткан сүрөт. Боз-Бөлтөктөгү "Кызыл китепке" кирген гүл.

"Эл деле жаратылышты аяп калды. Эң эле коркунучтуусу бирдеме казып, масштабдуу жок кылгандар болуп жатат. "Кызыл китеп" дагы акыркы жолу 2007-жылы чыккан. Мыйзам боюнча ар бир 10 жылда жаңыртып туруш керек. Бул жагынан дагы мыйзам бузулууда. Азыр бул тизмеге киргендер барбы же жоголуп кеттиби, балким дагы кошула тургандар бар. Айрым өсүмдүктөр Кыргызстандын эндемиги болгондуктан, ал жоголсо жер жүзүнөн жоголуп кетиши мүмкүн. Мисалы, кундуз гүлү - Чоң-Алайда эле өсөт. Башка жерде, дүйнө жүзүндө жок. Биз экологдор өзүбуздүн арманыбызды айтабыз. Бирок мыйзам баарына бирдей да. Мыйзамды сактоо жолдору бар. Эки жыл мурда CASA деп чоң долбоор болду. Жалал-Абаддан Тажикстан, андан ары Ооганстанга электр мамыларын тартып кетти. Мала кызыл мандалак өскөн жерге орнотушмак экен, байкап калып аны көчүрүүнү сунуштадык. 20 жылдан бери иштеп жатам, ошончо убакта биринчи жолу "Кызыл китепке" кирген өсүмдүктү сактоо боюнча акт болду. Башка компанияларга бул жерде "Кызыл китепке "кирген өсүмдүк өсүп жатыптыр десең биздин уруксатыбыз, лизенциябыз бар деп кокодон алат. Мыйзам, токтомдорду карап коюшпайт, талкалаган учурлар абдан көп", - деп кейиди илимпоз.

Эколог Адилет Усупбаев тарткан сүрөт. Боз-Бөлтөк.
Эколог Адилет Усупбаев тарткан сүрөт. Боз-Бөлтөк.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына караганда, 2021-2022-жылдары "Кызыл китепке" кирген өсүмдүктөр боюнча айып пул салынган учур катталган эмес.

Tulipa toktogulica - Токтогулда табылган жаңы жоогазын
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:13 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG