Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Энергетикадагы кризистик абал: Өзгөчө кырдаал режими деген эмне?


“Токтогул” гидроэлектр станциясы (ГЭС). Архивдик сүрөт.
“Токтогул” гидроэлектр станциясы (ГЭС). Архивдик сүрөт.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйында соңку жагдайлардан улам бул тармакка үч жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады.

Эгер мындай чара көрүлбөсө, энергетика тармагындагы таңкыстык оорлошот деп эскертти. Бул чечим Кыргызстандагы электр энергиясынын негизги булагы саналган "Токтогулдагы" суунун көлөмү жылдагыдан кыйла төмөн болгон учурга туш келди.

Өзгөчө кырдаал режими эмнени түшүндүрөт?

Министрлик сунуштаган өзгөчө кырдаал режими 2023-жылдын 1-августунан тарта 2026-жылдын 31-декабрына чейин улана турганы айтылды. Режим президенттин жарлыгы менен ишке ашканы турат. Министр Таалайбек Ибраев буга Нарын дарыясына суунун аз келиши, электр энергиянын жетишпей жаткандыгы себеп болгонун, режим бир катар көйгөйлөрдү да чече турганын белгилеп жатат.

Таалайбек Ибраев.
Таалайбек Ибраев.

"Өзгөчө кырдаал режимин президенттин жарлыгы менен жарыялоону сунуштайм. Быйыл электр энергиясына болгон таңкыстык 3 миллиард кВт/саат болсо, кийинки жылдары дагы өсөт. Мисалы, 2023-жылы 17 миллиард 200 миң кВт/саат болсо, 2026-жылы 19 миллиард кВт/саатка чейин жетет. Дефицит 5-6 милилард кВт/саатка барып калышы мүмкүн. Учурда энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүүнүн эң орчундуу маселеси - бул жер көйгөйү болуп жатканын баса белгилеп кетүү абзел", - деди Ибраев.

21-июлда министр Таалайбек Ибраевге өзгөчө кырдаалдар режими боюнча кошумча түшүндүрмө берүүгө туура келди. Анткени эл арасында "энергетикадагы кырдаал курч" деген чочулоо жаралды. Ибраевдин айтымында, катардагы колдонуучулар үчүн эч нерсе өзгөрбөйт. Режим жаңы чакан ГЭСтердин, күн станциялардын курулушун тездетүү максатында киргизилүүдө. Анткени өзгөчө кырдаал режими учурунда министрликтин укугу кеңейип, жер тилкесине, сууга байланыштуу чечимдерди өз алдынча кабыл алса болот.

Бул туурасында 20-июлдагы өкмөттүн жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да билдирүү жасады.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

"Энергетика министрлигине өзгөчө укуктарды беришибиз керек. ГЭСтерди, күнгө, шамалга станцияларды куруу боюнча "Кадастрдын" башкаруу функцияларын Энергетика министрлигине бергиле. Кайсыл бир "Кадастрдын" жетекчиси жер ресурстары боюнча тоскоолдук кыла турган болсо, ошол күнү жумуштан бошотуу укугун Энергетика министрлигине бериңиздер. Суу боюнча да ошондой".

Кыскасы, 1-августтан тартып Энергетика министрлиги чакан ГЭС, станцияларды курууга байланыштуу бир топ чечимдерди кабыл алуу укугуна ээ болот. Мекеме ушундай жол менен электр энергия өндүрөм деген ишкерлерге шарт түзүүнү пландап, анын арты менен тармактагы кризистен чыгып кетүүнү туура көрүүдө. Керек болсо өзгөчө кырдаал режиминин мөөнөтү аяктай турган 2026-жылы электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айлануу дымагын жарыялады. Анын ишке ашышы бир-эки жылда эле белгилүү болуп калат.

Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков министрликтин бул чечимине ичи чыкпагандардын бири.

Эрнест Карыбеков.
Эрнест Карыбеков.

"Өзгөчө кырдаал режимин киргизип койсок эле свет пайда болот деген жомок сыяктуу эле. Өзгөчө кырдаал киргизүү, же ушул сыяктуу чечимдерди кагаз көтөрө берет. Бирок натыйжа болбойт. Анткени система, өнүгүү саясаты өзгөрүлбөй жатат. Чакан ГЭС, өзгөчө шамал жана күндөн энергия алуу кымбат болуп, кышындагы керектөөнү жаба алышпайт. Анткени жыл өткөн сайын керектөөнүн көлөмү күчөй баштайт. Бизге базалык электр станциялар керек".

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” жарлыгы чыккан. Кыргыз бийлиги өлкөдө жүздөн ашуун чакан гидроэлектр станцияларын жана күн менен шамалдан энергия алган станцияларды курууну пландалып жатканын кабарлаган.

Ал үчүн Энергетика министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Жаратылыш ресурстары, Экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бир айлык мөөнөттө энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жер участокторун берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин (“бирдиктүү терезе” механизми) аныктаган ченемдик укуктук актыны иштеп чыга турган болгон.

Ошондой эле күн жана шамал станциялары үчүн жеңилдетилген шартта жер бериле турганы да айтылган.

Кышында жагдай кандай болот?

Кыргыз өкмөтүнүн планы канчалык дымактуу болбосун учурдагы абал такыр башка. Быйыл кар жакшы түшкөнү менен жазында күн жылыбай, энергетиктер күткөндөй суу кирген жок. Кыргызстандагы энергиянын негизги булагы саналган "Токтогулдагы" суунун көлөмү 20-июлга карата 10 млрд. 684 млн. куб метрге жетти. Бул соңку үч жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч.

2022-жылы ушул маалда "Токтогулда" 12,7 миллиард куб метр суу бар болчу. 2021-жылы 20-июлда 11,5, 2020-жылы 13,7 миллиард суу топтолгон эле. Мындан улам быйылкы кыш катаал болуп, электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн деген божомол бар.

20-июлга карата Токтогулдагы суунун көлөмү.
20-июлга карата Токтогулдагы суунун көлөмү.

Мындай абал менен жылытуу сезону башталган 1-октябрга болжолдуу эсепте 12,4 миллиард куб метр суу менен киргени жатабыз. Бул санды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айткан. Негизи күз-кыш мезгилинен чыгуу үчүн 6-7 миллиард куб суу керектелет. Токтогулда суунун көлөмү 6 миллиард кубдан азайып кете турган болсо, анда ГЭСте авариялык абал жаралат.

Кышкы суукка 12,4 миллиард куб метр суу кыйла эле аздык кылат. Анткени былтыр 1-октябрда Токтогулдагы суунун көлөмү 13,6 миллиард болуп, кышында жер-жерлерде жарык өчүрүлгөн. Анда жылдагыга салыштырмалуу кыш жылуу болгон. Мындай аба ырайы сууктан жеңил чыгып кетүүгө көмөк болгон эле.

Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев кышында Орусия жана Түркмөнстандан электр энергия алына турганын айтты.

Талайбек Байгазиев.
Талайбек Байгазиев.

"Быйылкыга Түркмөнстан, Орусия менен келишимдер бар. Транзит боюнча Казакстан жана Өзбекстан менен да келишим бар. Кийинки жылга да болжолдуу көлөмдөрдү сүйлөшүп койдук. Жыл жаңырганга чейин 1,7 миллиард кВт/саат алсак, андан соң да ушунча алабыз. Ошону менен жетпеген электр энергиясын импорт менен жабабыз. Азыр эл менен иштей баштадык. Эми жарандардын жарыгын өчүрбөйбүз. Болгону үнөмдөө иштерин жүргүзүп, энергияны текши жеткирип беребиз", - деди Талайбек Байгазиев.

Талайбек Байгазиев мындан тышкары, Бишкек ЖЭБинин кубаттуугун жогорулатуу үчүн да даярдык жүрүп жатканын айтууда. Мисалы, былтыр ЖЭБ 360-420 мВт энергия өндүрсө, быйыл бул көрсөткүч 450, керектүү саттарда 500 мВтка жетет дейт министрдин орун басары.

Негизи Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен алса, Түркмөнстандан сатып алып келет. Бирок соңку жылдары казак менен өзбектердин өзүндө абал жакшы эмес.

Энергетика боюнча эксперт Жаныбек Оморов тармак реформага муктаж экенин айтып жатат. Анткени былтыр электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жеткен. Мындай улана берсе, энергетика кризиске кептелет.

Жаныбек Оморов.
Жаныбек Оморов.

"Энергетика маселеси бир топ өлкөдө курч болууда. Буга бош мамиле кылышка болбойт. Өкмөт элге “биз кризис абалдабыз” деген белги берип, өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Былтыр күн жылуу болуп кыштан азыноолак кыйынчылык менен чыгып кеткенбиз. Быйыл кыш катаал болсо, абалыбыз кандай болот? Тармакта коррупция да бар. Муну жойсо гана элдин ишеними пайда болот. Анын арты менен тарифтерди жөнгө салса болот. Өкмөт чукул чараларды кабыл алуусу абзел деп ойлойм".

Негизи кыштан жылуу-жумшак чыгуу үчүн 16-17 млрд. м3 суу керектелет. Экологиялык өзгөрүүлөрдүн фонунда мындай көлөмдү топтош мүмкүн болбой баратат. Ушундан бир "Токтогул" ГЭСтин көзүн карап отуруу жыл өткөн сайын кооптуу дейт айрым адистер.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG