Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:13

"Азыр чара көрбөсө кышында оор болот". Токтогулда жылдагыдан суу аз


“Токтогул” гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагыч. Архивдик сүрөт.
“Токтогул” гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагыч. Архивдик сүрөт.

“Токтогул” гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү кайрадан 9 млрд. куб метрден өйдөлөдү. Былтыр, мурдагы жылдары бул маалдарда көрсөткүч 10-11 млрд болсо, төрт-беш жыл алдын станция жайга барып 13-14 млрд. көлөм суу топтоп келген.

Бир жагынан электр энергиясын керектөөнүн өскөнү, экинчи жагынан дарыяларда суунун аз келиши ушул жагдайга алып келди. Эксперттер кышта жарык тартыш болорун эскертип, ага азыркы өчүрүүлөр далил экенин билдирүүдө. “Элдик экономика” түрмөгүндө мына ушул маселени талдайбыз.

Суунун азайышына эмне себеп?

Суу сактагычтын көрсөткүчтөрүнөн көрүнүп тургандай, адатта анда суу жаздын акыркы айлары топтолуп отуруп, күздүн акыркы айларынан тартып азая баштайт. Кышта керектөө көп, суу да көп агызылат.

Ошентип, быйыл жыл башына “Токтогул” суу сактагычы 11 млрд. куб метр суу менен кирди. Эң төмөнкү көрсөткүч мартта 7,8 млрд. куб метрге чейин түшүп, май айында 8,5 млрд. куб метр менен жабылды. Июнь ортологондо гана көлөм 9,5 млрд. куб метрге жетти.

“Электр станциялары” ишканасынын өкүлү Аида Кадырова “Азаттыкка” бул жөнүндө мындайча түшүндүрмө берди:

"Токтогул" ГЭСи
"Токтогул" ГЭСи

“Республиканын көпчүлүк аймактарында жаз айлары кургакчылык менен коштолуп, ошол эле учурда аба ырайы суук болду. Мындан сырткары, бул жылдын апрель-май айларында республика боюнча электр энергиясын керектөө былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу жогору болду. Бирок электр энергиясын импорттоо өткөн жыл менен бирдей эле көлөмдө болду. Мына ушундан улам суу жылдагыдан азыраак болуп калды. Учурда “Токтогул” суу сактагычында суу көбөйүп баштады”.

Ооба, тиешелүү индикатор суунун көбөйгөнүн ырастап жатат. Ошентсе да көлөм соңку жылдарга салыштырмалуу аз.

Маселен, 2019-жылы июндун ортолорунда “Токтогул” суу сактагычында 14,6 млрд. куб метр суу бар эле. Кийинки жылдын ушул эле даталарына кайрылсак, 2020-жылы 13,3 млрд., 2021-жылы 10,9 млрд. жана 2022-жылы 11,5 млрд. көрсөткүч болчу. Башкача айтканда, быйылкы көлөм алардан 3,4 млрд. кубга аздык кылууда.

"Кактус Медиа" басылмасы суу сактагычтан тартып келген видео:

Адистер суунун жылдагыдан кем болуп жатканы аба-ырайы менен байланыштуу экенин четке какпайт. Бирок ошол эле маалда алар коңшу өлкөлөргө суу ашыкча агызылып жатканы менен түшүндүрүшөт.

Кыргызстан Өзбекстан менен Казакстандан 2021-жылы кышкы сезондо 1 млрд. 650 миллион кВт/саат электр энергиясын сатып алып, аны кайра үч жыл бою жайкысын электр катары кайтарып бермек болгон. Иш жүзүндө аны кайтаруу үчүн ошондон бери жай айларында сууну агызууга туура келип жатат.

Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев “Азаттыкка” бул жагдайды мындай деди:

Расул Умбеталиев
Расул Умбеталиев

“Калыстык үчүн айтып коюш керек, аба ырайы салкын болуп, мөңгүлөр жакшы ээрибей суу аз болду. Тоолуу райондордо күн эми гана ысып, мөңгүлөр ээрий баштады. Ага чейин секундасына 700 куб гана суу келип жатса, жакынкы күндөрдөн бери секундасына 900-1200 кубга чейин суу келе баштады. Бирок суунун көлөмү баары бир былтыркыдан аз болуп жатат. Мында биринчи кезекте суунун аз келип жатышы себеп болсо, экинчи жагынан суунун көп чыгарылып жатышы себеп болду. Ал коңшулардын талабы менен болуп жатат. Аларга жайда электр эмес, суу керек. Ошону үчүн “жай айында электр энергиясын бересиң” деген шарт менен биз менен келишим түзгөн. Негизи Кыргызстандын ички керектөөсү жай айларында суткасына 24-28 миллион кВт/саат электр энергиясын түзөт. Бул көлөмдү өндүрүү үчүн “Токтогул” суу сактагычынан секундасына 170-190 куб суу кетиши керек. Өзбекстан менен Казакстанга электр экспорттоо үчүн дагы 80-90 куб кошулуп, ашып кетсе секундасына 320-240 куб агызылышы керек болчу. Бирок азыр бизде кандай болуп жатат? Секундасына 420-450 куб суу кетип жатпайбы. Ошондо суу азыр ашыкча кетип жатат. Бул туура эмес. Суу сактагычта суунун аз болуп жатышынын экинчи себеби мына ушул”.

Президент Садыр Жапаров быйыл апрелдин аягында “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде электр энергиясына болгон тариф көтөрүлөрүн белгилеп жатып, коңшу өлкөлөрдөн импорттоо маселесине да кайрылган. Ал электрдин өзүн сатып алуу кымбат болгондуктан, Казакстан менен Өзбекстанга суу катары берүү чечими кабыл алынгандыгын айткан.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Кышкы мезгилде 3 миллиард кВт/саат электроэнергияны кошуна өлкөлөрдөн импорт кылабыз. Өзүбүздөн чыккан электр кубаты кыш мезгилинде өзүбүздүн керектөөбүзгө жетпейт. 2020-жылга чейин 3 миллиард кВт/саат электроэнергияны Казакстан менен Өзбекстандан 5 сомго чейин накталай акчага сатып алып, 0,77 тыйындан элге берип жүргөн экенбиз. Ортодогу айырма энергетиктердин карызынын үстүнө карыз болуп 137 миллиард сомго чыгышынын бир себеби ушул. Албетте, система түзүп алышып уурулук кылгандан көбөйгөн карыздар да кошул-ташыл болгон. Мен келгенде кандай кылдым, кошуналардан кыштын күнү накталай акчага электр кубатын сатып алган жокмун. Кышта бизге электр кубатын бересиңер, жайда силерге суу агызганда генератор аркылуу агызам. Ошондон чыккан электроэнергия менен кайра кайтарам деп, сууну генератор аркылуу агызып, электроэнергиясын кайтарып коюп атабыз. Бүгүнкү күнү мына ушундай шарт менен иштеп жатабыз. Мурда болсо сууну жөн эле бош агызып берчү экенбиз. Анткени генератор аркылуу агызалы десек, жайдын күнү анча көлөмдөгү электроэнергия эч кимге керек эмес. Биздин өзүбүзгө да анча көлөмдүн кереги жок. Азыр башымды оорутуп эмне кылам, менден кийин эмне болсо ошол болсун деп тарифтерди көтөрбөстөн, мурдагыдай иштей берсем деле болот. Менин президенттик мөөнөтүм жапжакшынакай эле өтүп кетет. Бирок анда 10-15 жылдан кийин энергетика системабыз таптакыр өлөт”, – деген анда Садыр Жапаров.

Расмий маалыматтарга ылайык, "Токтогул" суу сактагычына 19,2-19,6 млрд. куб метрге чейин суу чогулат. 2007-2008-жылдары андагы суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Энергетиктер суу 6-6,5 млрд. куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын эскертишет. Иш жүзүндө быйыл марттагы көлөм ошого жакын эле болду.

Өчүрүүлөр эмитен башталдыбы?

Суу жетишпесе электр энергиясы да аз өндүрүлөт. Ал аз өндүрүлсө тартыштыктан улам өчүрүүлөр болот. Ушул күндөрү аймактарда жана борбордо да күн сайын же күн алыс жарык өчкөнү тууралуу кабарлар келип жатат.

Расмий органдар Бишкек шаарында жана өлкөнүн айрым аймактарында электр энергиясын атайылап убактылуу өчүрүү жок экенин, өчүрүүлөр техникалык оңдоолордон улам катталып жатканын билдирди.

"Улуттук электр түйүнү" ишканасынын басма сөз катчысы Элзада Саргашкаева аз күн алдын "Азаттыкка" кабарлагандай, жыл сайын март айынан баштап күзгө чейин оңдоп-түзөө иштери жүрөт.

"Мунун алкагында биздин баланста болгон объектилер, көмөкчордон, чубалгылар жана башка жабдуулар капиталдык же утурумдук ремонттон өтөт. Эгер зарыл болгон учурда ал жерде электрэнергиясы өчүрүлөт. Андай өчүрүүлөр болгондо абоненттерге маалымат алдын ала берилип турат. Өчүрүүлөр суу тартыштыгына байланыштуу эмес”, – деген Саргашкаева.

Деген менен мунун алдында айрым абоненттер WhatsApp группаларга "Токтогул" суу сактагычындагы суунун тартыштыгына байланыштуу электр энергиясы кыш мезгилиндей эле маал-маалы менен өчүрүлө турганын жана анын графиги боюнча маалымат айтыла электиги жазылган" билдирүүлөр келип жатканын айтышкан.

Ушундан улам реалдуу күмөн саноолор пайда болду. Башка жагынан алганда адистердин жоромолу да кооптонууларды ырастап турат.

“Жайкы айларда, азыр чара көрбөсө кышкы мезгилде оор болуп калат. Эл электр энергиясы менен толук камсыз болбойт. Тартыштык болот, натыйжада мажбур түрдө өчүрүүлөр болот. Андыктан азыртан эле сууну үнөмдөп, мүмкүн болушунча аракет кылыш керек. Зарыл болсо ушул ысык күндөрү электр энергиясын өчүрүү керек. Мекемелерде чектөөлөрдү киргизишүү зарыл. Түшүнгөн кишиге бул өтө кооптуу кырдаал. Элестетсеңер, кыштын кыраан чилдесинде жарык толук өчүп, бүт энергетика системасы авариялык абалга кептелсе эмне болот? Айтор, азыр чектөө киргизбесе кышта акыбал оор болот”, - дейт эксперт Расул Умбеталиев.

Кеп болуп жаткан маселе Жогорку Кеңеште да улам-улам көтөрүлүп жатат. Парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 13-июндагы жыйынында эл өкүлү Максатбек Сарбагышев Ысык-Көл облусунда күн алыс жарык өчүп жатканын айтып, кышкы жагдай тууралуу сурады. Ал күнү комитетке келген энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов мунун себептерин көмөкчордондордогу оңдоо иштерине байланыштырды.

Жогорку Кеңештин 15-июнь күнкү отурумунда башка бир депутат Сүйүн Өмүрзаков да электр энергиясынын кышкы жагдайына кайрылды:

Сүйүн Өмүрзаков
Сүйүн Өмүрзаков

“Баарыбызга маалым болгондой, былтыр энергетика тармагында бир топ жетишсиздиктер болуп, бир катар өчүрүүлөр катталганы маалым. Азыр эми 2023-жылдын июнундагы эсептерге ылайык, “Токтогул” суу сактагычындагы суунун көлөмү 2022-жылдын ушул айына салыштырмалуу 2 млрд куб метрге аз болуп жатат. Өкмөт даярдыкты көрүп жатса керек, бирок мобу жагдайдын өзү, ичүүчү жана агын суунун тартыштыгы кырдаалды ачык көргөзүүдө. Ошондуктан мен даярдыктарды азыртан көрө баштоону талап кылам”.

Кыргызстандын бийлиги энергетикалык каатчылыкка байланыштуу акыркы эки-үч жылдан бери күндөргө, айларга же жылга шарттуу түрдө лимит койгон. Буга улай аталган тармактагы мекемелер калкты электр энергиясын үнөмдөө боюнча бир топ чакырыктарды жасап келди, кышта айрым жерлерде жылыткычтарга мөөр да басып чыкты.

Бирок ага карабай жалпы эсепте керектөө кеминде 10-15%, болбосо 20-30% чейин ашыкча чыгып жатты. Айталы, кыргызстандыктар кыштын күндөрү орточо 50-55 млн. кВт/саат электр энергиясын колдонуп келген болсо, соңку кышта 76-79 млн. кВт/саат колдонуп, өлкө тарыхындагы эң жогорку чекке жетти.

Азыркы абал жана андан чыгуу аракети

Арийне, соңку жылдары Кыргызстанда жылына орточо 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп келген. Бирок дээрлик ар бир жылы керектөө андан көбүрөөк болуп жатат. Натыйжада дефицит импорттун негизинде жабылууда.

Айталы, 2021-жылы өлкөдө 15,1 млрд. кВт/саат электр тогу чыгарылса, кайра 16,3 млрд. кВт/саат керектелди. 2022-жылы болгону 13,85 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, ошол эле маалда керектөө 15,9 млрд.. кВт/саат көлөмдү түздү.

2023-жылы керектөө 17 млрд кВт/саат болот деп эсептелип жатат. Эң ири суу сактагычтагы жагдайды эске алганда, өндүрүү болсо кайрадан 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн. Натыйжада ортодогу тартыштык 2-3 млрд кВт/саатты түзөт. Муну жабуу үчүн Бишкек кайрадан эле Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат.

Мындан сырткары, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Орусиядан 875 млн. кВт. саат электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашууга кол коюлган. Орусиялык “Интер РАО” компаниясы Казакстандын энергосистемасы аркылуу апрелден тартып Кыргызстанга электр энергиясын экспорттой баштады.

Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында кыргызстандык “Бишкек Солар” жана орусиялык “Юнигрин энержи” компаниялары куруп баштаган күн электр станциясына капсула салуу иш-чарасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мына буларга токтолгон:

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

“Жети ири, 20дан ашык чакан ГЭС, эки чоң ЖЭБ өндүргөн электр энергиясы таптакыр эле жетпей калды. Дефицит 2,8 млрд. кВт/саат электр жарыгын түзүүдө. Биз аны импорт кылып сатып алып жатабыз”, – деген анда Жапаров.

Кыргызстанда ушул тапта жети ири гидроэлектрстанциясы бар. Алар: “Токтогул” (1200 мегаватт), “Күрп-Сай” (800 мегаватт), “Таш-Көмүр” (450 мегаватт), “Шамалды-Сай” (240 мегаватт), “Үч-Коргон” (180 мегаватт), “Камбар-Ата-2” (120 мегаватт) жана “Ат-Башы” (40 мегаватт) ГЭСтери.

Мындан сырткары өлкөдө эки ири жылуулук электр борбору Бишкек ЖЭБи (812 мегаватт) жана Ош ЖЭБи (40 мегаватт) бар.

Демек, жалпы санаганда Кыргызстанда 3892 мегаватт кубаттуулук бар. Энергетиктердин айтымында алдыңкы он-он беш жылда мындан өлкөгө мындан эки же үч эсе чоң кубаттуулук керек болуп калат.

Реалдуу көйгөйлөргө туш болгон азыркы бийлик иш жүзүндө ага жетүү аракеттерин баштаганына эки жылча болуп калды. Муну үчүн алар биринчи кезекте ири гидростанциялардан - “Камбар-Ата-1” ГЭСин – 1860 мегаватт, “Жогорку Нарын каскад” ГЭСин – 237 мегаватт жана “Куланак" ГЭСин – 100 мегаватт курмак болгон.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алышкан. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Иш жүзүндө анын курулушуна даярдык башталды, бирок ал качан курулуп бүтөрү азырынча так эмес.

“Жогорку Нарын ГЭС” каскадын куруу боюнча британиялык Minddock Limited DBA Enterprise Energy Investments компаниясы менен май айында меморандум түзүлүп, бирок ал талаптарды толук аткарбаганы үчүн июнда кайрадан келишим үзүлдү. Үчүнчү аталган “Куланак” (100 мегаватт) ГЭСин куруу мамлекеттин эсебинен былтыр башталды.

Булардан сырткары “Бала-Саруу” (25 МВт), “Лейлек” (6 МВт), “Көгарт” (6,7 МВт), “Тосту” (1 МВт) “Ала-Баш” (4,5 МВт), “Ысык-Ата” (4 МВт), “Кайнама” (9,6 МВт), “Буйга”-1 (6 МВт), “Кожо-Кайыр” (0,3 МВт), “Айгыр-Жал” (2,4 МВт), “Кыштут” (1 МВт), “Исфайрам –1” (4 МВТ), “Белес” (0,54 МВт), “Аксы” (2,6МВт), “Курак-Тектир” (1,2 МВт), “Ленинполь” (2,3 МВт) жана “СиЭнЭй Энерджи” (2МВт) деп аталган чакан ГЭСтердин курулушу жүрүп жатат.

Булардын айрымдары бүтүп, ишке да берилди. Келерки жылы дагы ушунча кичи станциялар ишке берилиши ыктымал экен. Ошондой эле азыркы бар ГЭСтерге кошумча агрегаттар орнотулуп, күн жана шамал энергиялары менен жалпы кубаттуулукту арттыруу аракеттери көрүлүүдө.

Маселен, ошол эле Ысык-Көлдүн Тору-Айгырында курулуп жаткан күн электр станциясынын кубаттуулугу 300 МВт болуп жатат. Бул облуста жакынкы жылдары Кытайдын "China Huaneng" компаниясы кубаттуулугу 500 МВт болгон КЭС (күн электр станциясы) курууну пландап жатса, ушул эле өлкөнүн Сhina Power International Development Limited компаниясы Ысык-Көлдө кубаттуулугу 1000 МВт болгон КЭСти курууну караштырууда. Айтор, мына ушулардын баары курулуп, ишке кирсе дагы 6,5 миң мегаватт кубаттуулук кошулат деп болжолдонот.

Энергетика боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев “Азаттыкка” берген интервьюсунда мурдараак бийликтин жаңы ГЭСтерди куруу дымагы тууралуу буларга токтолгон:

Мырзатай Султаналиев
Мырзатай Султаналиев

“Союз убагында бизде 40ка жакын чакан ГЭС бар эле. Андан тышкары Кара-Буура, Папан, Орто-Токой деген үч суу сактагыч бар болчу. Министрлер кабинетинин төрагасы Кара-Көл ГЭСин айтып атат. Ага 15 жыл болду. Ошол жерлерге суу сактагыч эбак куруп койсок болмок. Биз популисттик билдирүү жасап коюп эле аткарбай жатпайбызбы. Ар бир өкмөт, ар бир бийлик келген сайын биринчи эле “Камбар-Ата-1” ГЭСинен баштайт. Бул глобалдуу долбоор. Бул Кыргызстанга өтө керек. Бирок, анын курулушу кеминде 15 жылга созулат. Анын каражаты 3-4 млрд. долларга чейин кетет. Албетте, күндүкүн да, шамалдыкын да үчтөн жерге курсак болот. Алардын, чакан ГЭСтердин курулушу техникалык-экономикалык негиздемеден тартып ишке киргизгенге чейинки иш кеминде 4-5 жылга барат. Ошон үчүн бүгүнкү күнү тез кабыл алчу чара - электр энергияны импорттоодо, ошондой эле популярдуу эмес чара -тарифти көтөрүү. Анткени, электр кубатынын 70% калк колдонот. Бул убактылуу чара болушу керек”.

Кыргызстан дүйнөдөгү экологиялык таза энергиянын ири коруна ээ өлкөлөрдүн бири. Ири жана майда дарыялардын суу энергетикалык мүмкүнчүлүктөрү 142,5 млрд. кВт/саат деп бааланат.

Жогоруда белгилегенибиздей, өлкөдөгү станциялар азыр 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрүп жатат. Окумуштуулар Кыргызстандагы электр энергиясынын 90% ашууну гидроэлектр станцияларынан өндүрүлгөнүнө карабай, чоң жана майда суулардын 10% гана пайдаланылып жатканын белгилеп келишет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG