Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Каатчылык канчага уланат? Энергетикада керектөө, карыз өсүүдө


Кыргызстан быйылкы кышты оор энергетикалык каатчылык менен өткөрдү. Өздүк энергиянын кубаттуулугу жетишпегендиктен, тартыштыкты импорт менен жабуу үчүн эл аралык финансы институттарынан насыя алууга аргасыз болду.

Буга карабай, өкмөт гидроэнергетика жаатында ири долбоорлорду баштап жатат. Камбар-Ата-1 ГЭСи баш болгон бир нече каскаддар жана чакан ГЭСтер өлкөнү энергетикалык көз карандылыктан арылтат деген үмүт бар.

Энергетикалык тартыштык

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө жыл сайын 4% өсүп келет. Кыргызстан энергетикадагы бардык кубаттуулуктарын бириктиргенде азыркы учурда 15 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Ошол эле маалда керектөө 18 млрд. кВт болууда, кубаттуулук жетиштүү болсо андан дагы ашышы мүмкүн. Өндүрүлгөн энергиянын 60% калкка, 40% өндүрүштүк жана коммерциялык ишканаларга сатылат. Калкка сатылган свет өздүк наркынан төмөн баада сатылгандыктан, анын чыгымы мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев да энергетикалык тартыштыкты кантип чечип жатышканы тууралуу телеканалдардын бириндеги маегинде түшүндүрүп берген.

“Азыркы темп менен кете берсек, алдыдагы беш жылда тартыштыктан чыгабыз. Азыр 3 млрд. кВт/саат тартыш кубаттуулукту Түркмөнстандан алып келип жатабыз. Аны Өзбекстандын аймагы аркылуу транзит кылабыз. Келишим боюнча 3 миллиардды Түркмөнстан менен Казакстандан алдык. Анын баары ушул жылга эсептелген. Биз план боюнча суунун келишин дагы эсептейбиз. Бизге эң эле пайдалуу жагы – ГЭСтерден электр энергия өндүрүп, элди камсыз кылсак эң пайдалуу. Биринчиден, бизге арзан түшөт. Экинчиден, өзүбүздүкү болот”.

Электр энергиясына болгон таңкыстыктын өсүшү менен катар кыргыз дарыяларындагы суунун көлөмү да азайып келет. Адистер Нарын дарыясынын бассейниндеги суунун агымы соңку жылдары бир кыйла азайып баратканын белгилешүүдө.

Тармактагы эксперттер чөйрөсү Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин мурда 30% кошумча кубаттуулук менен иштеп келген энерготармагы учурда нөлдүк баланс менен иштеп, керектөөнү араң жаап жатышканын белгилешет. Кыргызстанда жагдай алардан да татаалыраак – жылдык керектөөсүндө 3 млрд. кВт/саат тартыштык бар.

Энергетика тармагынын карыздары

2021-жылы "Кыргыз Республикасына көрсөтүлгөн тышкы жардамдын ачык-айкындуулугу" долбоорунун эксперттери Кыргызстан эгемендик алгандан берки алынган карыздардын түзүмүн талдап чыккан. Ага ылайык, 1992-2020-жылдары энергетика тармагына алынган тышкы жардамдын суммасы 2,25 млрд. долларды же жалпы тышкы карыздын 19,6% түзгөн. Анын 334,11 млн. доллары (14,9%) гранттык, 1,91 млрд. доллары (84,1%) насыя түрүндө алынган. Насыянын 43,8% Кытайдын Эксимбанкына таандык.

Азыркы учурда Кыргызстандын энергетика тармагынын карызы 137 млрд. сомдон ашык.

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жергиликтүү телеканалдардын бирине курган маегинде, энергетика тармагына алынган карыздардын суммасы учурда 137 млрд. 87 миллион сом болуп турат. Тышкы карыздын эсебинен “Датка-Кемин”, “Айгүлташ-Самат” жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары курулган, Бишкек ЖЭБи модернизацияланган, “Токтогул ГЭСи реабилитацияланган өлкөнүн түштүк аймагындагы электр чубалгыларын жаңыртуу, Баткен облусун электр энергиясы менен камсыздоо жана CASA-1000 өңдүү ири долбоорлорго алынган.

Энергокомпаниялардын алкагында алсак, тармакка алынган карыздардын 95% “Улуттук электр тармактары” менен “Электр станциялары” компанияларына туура келет.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы энергетика тармагын каржылоо үчүн 15,2 млрд. сом бюджеттик каражат бөлүнгөн. Анын ичинен 10,5 миллиард сом Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун даярдоого жана Таластагы Бала-Саруу чакан ГЭСинин курулушуна иштетилген. Мындан тышкары, Энергетика министрлигин каржылоого бюджеттен 9,5 млрд. сом бөлүнгөн.

Соңку кездери эл аралык каржы институттарынан алынган каражат мамлекеттик бюджетти каржылоого деп алынып, андан ары энергетика тармагына бюджеттик насыялоо катары бөлүнөт. Ошондуктан, энергетика тармагына алынган каражаттар көп учурда ал тармактын карызына кирбей калат.

Өкмөт эл аралык финансы институттарынан карыз алуу темасына өтө кылдат мамиле көрсөтүп келет. “ПолитКлиника” медиасынын энергетика тармагына алынган карыздар тууралуу фактчек материалына жооп берген энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстан соңку эки жылдан бери бул тармакка бир да карыз албаганын белгиледи.

Деген менен, финансы министрлиги буга чейин билдиргендей, соңку эки жылда 1 млрд. долларга чукул насыя жана гранттык келишимдерге кол коюлуп, ратификациядан өтүп келет. Финансы министри Алмаз Бакетаев былтыр жыл ортосунда "Экономист" басылмасына курган маегинде, алардын 30% транспорт тармагына жана 29% энергетика тармагына багытталарын билдирген.

2022-жылдагы жылытуу мезгили үчүн Азия өнүктүрүү банкынан мамлекеттик бюджетке 50 млн. доллар каражат алды, анын жарымы грант, жарымы насыя. Ал каражатка Түркмөнстан менен Казакстандан 3 млрд. кВт/саат электр энергиясын сатып алуу каралган.

Министр Таалайбек Ибраев соңку эки жылда энергетика тармагына тышкы донорлордон карыз алынбаганын билдирген. Анын айтымында, учурда Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар (жарымы насыя, жарымы грант) жана Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан 13,8 млн. евро (8,8 миллион евро насыя, калганы грант) каражат алынганы жатат.

Дүйнөлүк банктан алынган каражат бөлүштүрүү тутумдары менен көмөк чордондорун оңдоо, акылдуу эсептегичтерди сатып алуу жана энерготармакты реформалоо иштерине жумшалмакчы. Ал эми Европа банкынын 13,8 млн. каражатына Лебединовка чакан ГЭСи оңдолот.

Энергетика тармагындагы эксперт Мырзатай Султаналиев карыздын өсүп жатышын өзүн актабаган арзан тарифтен көрөт.

“Бул карыз кайдан чыгып келди? Биринчиден, бул карыз тарифтин негизинде чыгып келип атат. Мисалы, бизде азыр тариф өтө төмөн. Өндүрүлгөн электр энергиянын 70% элге 77 тыйындан сатылат. 30% гана өндүрүштүк ишканаларда болот, ал өзүн-өзү актай турган деңгээлден жогору турат. Бүгүнкү күндө бул карыздын бардыгын өкмөт эмнеге каржылап атат? Анткени, тарифти өтө төмөн коюп койгон. Тариф жок дегенде өзүн-өзү актаган деңгээлге чейин келиш керек. Ал бизде жок. Ошондуктан өкмөт каржылап жатат энергетиканы. Ошондуктан, энергетиканын бардык тармагы ошол каражат менен иштөөдө”.

Кыргызстандын энергетика тармагынын жабдууларынын 70% эскилиги жетип, иштен чыгуу алдында турат деп эсептелет. Эксперттер мындай жагдайды өлкөнүн стратегиялык тармагы үчүн өтө кооптуу деп эсептешет. Аны жаңыртуу үчүн энергокомпаниялардын каражаты жетишпегендиктен, эл аралык донорлордон алынган карыздын көлөмү тынымсыз өсүп келет.

Президент Садыр Жапаров энерготармактын каатчылыкка туруктуулугун жогорулатуу үчүн 1-майдан баштап светтин баасы 30% көтөрүлөрүн жарыялаган. Өкмөт электр тарифи мындан ары инфляцияга карап өсүп турарын эскертип жатат.

Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү

Кыргызстанда учурда 7 гидроэлектр станциясы менен 2 жылуулук электр борбору иштейт. Алардын баары биригип 3700 МВттан ашуун электр энергиясын өндүрөт. Өндүрүлгөн электрдин 90% гидроэлектр станциялардын чыкса, анын үчтөн бири Токтогул ГЭСине туура келет.

Гидроэлектрстанциялардын эң ириси Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 МВт деп эсептелет. Ага чогулган суунун көлөмү өлкөнүн күз-кыш мезгилиндеги энергетикалык кырдаалда башкы ролду ойнойт. Суу сактагычка агып кирген Нарын дарыясында 4-5 жылда бир суунун азаюу цикли кайталанып тургандыктан, кошумча кубаттуулуктарды ишке киргизүү зарылчылыгы барган сайын курчуп келет. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин кубаттуулугу артып жатканын айтат.

“Мына, азыр Токтогул ГЭСинде 4 агрегатты тең модернизациялап атабыз. Төртүнчү агрегатын былтыр жаңыртып бердик, ага 60 МВт кошулду. Алтымыш жыл мурун салынган агрегаттардын баарын жаңырттык. Эми дагы үч агрегатын жаңыртабыз, ошондо 240 МВт кошумча кубаттуулук кошулат. Ал иштер тыштан келген насыя акчага жасалып жатат. Азыр Үч-Коргон ГЭС дагы модернизацияланып атат. Ал жерде ар бир агрегатына 30 МВт кошулат. Кудай буюрса, аны да баштап атышат”.

Мындан тышкары, “Электр станциялары” ишканасынын сайтындагы маалыматка таянсак, өлкө аймагында дагы 33 ири жана орто гидроэлектр станциялары менен 3 жылуулук электр борборунун курулушу пландалат. Алардын баары курулуп, ишке кирсе дагы 6,5 миң МВтка чукул кубаттуулук кошулат деп болжолдонот.

Алдыда курула турган ГЭСтердин эң чоңу Камбар-Ата-1 ГЭСи болмокчу – анын кубаттуулугу 1860 МВт деп эсептелет. Кыргыз бийлиги Камбар-Ата ГЭСин куруу өлкөнү энергетикалык таңкыстыктан чыгарып, өз керектөөсүнөн тышкары башка өлкөлөргө экспорттоого жол ачат деп ишендирет.

Камбар-Ата-1 ГЭСи

Камбар-Ата-1 ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан чогуу курмакча болуп турат, ортодо меморандум да түзүлгөн. Бирок министр Таалайбек Ибраевдин билдиришинче, учурда Орусия менен Азия өнүктүрүү банкы дагы долбоорго кошулуу ниетин билдирип жатышат. ГЭСтин болжолдуу суммасы 5-6 млрд. доллар болуп, курулуш иши 8 жыл жүрөт деп болжолдонууда. Гидроэлектр станциянын кубаттуулугу 5 млрд. 640 млн. кВт/саат болот.

Учурда мамлекеттик ишкана ачылып, 1 млрд. 550 млн. сомго “Камбар-Ата-1” ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо, алгачкы шарттарды түзүү иштерин аткарып жатат.

Нарын дарыясын бойлой​ каскаддар курулса...

Өкмөттүн планында Нарын дарыясын бойлой Жогорку Нарын, Куланак, Казарман, Суусамыр-Көкөмерен, Атбашы жана Алабугу каскаддары курулмакчы – алардын ар бири орто кубаттуулуктагы 5-6дан ГЭСтерди өзүнө камтыйт. Ал эми Кара-Кечеде жергиликтүү көмүргө ыңгайлашкан жылуулук электр борборун куруу долбоору көптөн бери ишке ашпай турат. Муну менен катар өкмөттүн планында Бишкектеги экинчи ЖЭБ менен Чалдыбардагы ЖЭБ дагы камтылган.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев өкмөттүн алдындагы энергетикалык долбоорлорду мындайча атайт.

“Бүгүнкү күндө реалдуу долбоорлор – бул Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтери, Токтогул ГЭСин реконструкциялоо, Жогорку Нарын жана Казарман каскаддары. Учурда ошол жерде инвесторлор иштеп атат. Мындан тышкары, биз министрликтин атынан өзүбүз Бала-Саруу чакан ГЭСин куруп жатабыз, 25 МВт тегерегинде. Быйыл, буюрса, аны бүтөбүз. Андан кийин Кара-Көл ГЭСи, бул дагы 28 МВт тегерегинде. Ал жерге эки инвестор бар, жапондор менен кол койгонбуз, алар 30-январда келип атат. Экинчиси, биздин атамекендик инвестор көңүл буруп атат. Бир жума мурун Орто-Токой ГЭСинин долбооруна 70/30 деп кол койдук, 30% биз каржылайбыз, 70% кытайлар каржылайт. Аны дагы эки жылга коюп атабыз. Папан ГЭСин түрк компания казактар менен чогуу курат, меморандубуз бар”.

Жогорку Нарын каскадындагы 8 электр станцияларын курууга 2012-2014-жылдары Орусиянын “РусГидро” компаниясы курууга белсенип, бирок өтөсүнө чыга алган эмес. Кийин Кыргызстан долбоордон бир тараптуу чыгып, ишти токтотууга мажбур болгон. “РусГидро” баштапкы курулуш иштерине короткон 37 млн. доллар каражатын доолап жүрүп, акыры былтыр кыргыз өкмөтүнөн төлөтүп алды.

Куланак каскады Эки Нарын дарыяларынын бириккен жеринен төмөн карай курула турган 5 гидроэлектр станциясын камтыйт, жалпы долбоордук кубаттуулугу 439 МВт деп эсептелет. Былтыр октябрь айында президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен Куланак ГЭСинин курулушу башталган.

“ГЭСтин кубаттуулугу 100 МВт болот деген мерчемибиз бар. Курулуш бүтүп, ГЭС ишке киргенде жылына 450 млн. квт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүүдө. Демек, бул бүтүндөй Нарын облусу электр энергиясы менен толук камсыздалат деген сөз. Нарын дарыясынын боюна, Нарын районунун Учкун, Жан-Булак, Эмгек-Талаа, Миң-Булак, Жерге-Тал айыл аймактарынын аймагына курулушу башталган бул долбоордун алкаганда 27 метр бийиктиктеги плотина, дарыянын нугун буруу жана сууну агызуу үчүн гидротехникалык шлюздар, 6,5 километр узундуктагы деривациялык канал, электростанциянын имараты агрегаттары менен, ошондой эле айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу алуучу түйүн курулат”, - деп сүйлөгөн Садыр Жапаров.

Президенттик администрациядан маалымдалгандай, Куланак ГЭСин куруу долбоору 124 млн. долларды түзүп, анын 88 млн доллары Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жана Евразия өнүктүрүү банкы өңдүү уюмдардан алынган.

Суусамыр-Көкөмерен каскады өзүнө 3 ГЭСти камтыйт, алардын жалпы кубаттуулугу 1305 МВт болот деп эсептелет. Ал эми Казарман каскады 4 ГЭСтен турат жана жалпы долбоордук кубаттуулугу 1160 МВтка жетет.

Булардан тышкары, “Ат-Башы” жана Алабугу” каскаддары да бар. Ат-Башы каскадында 6 чакан ГЭС болуп, жалпысынан 172,2 МВт электр энергиясын өндүрөт деп болжолдонот. Алабугу каскадындагы 4 ГЭС 414 МВтка эсептелген.

Чакан ГЭСтер

Кыргызстан соңку жылдары майда сууларга чакан ГЭСтерди куруу ишине көбүрөөк маани берип келет.

Чакан ГЭС компаниясынын курамында 9 ГЭС бар, аларда жалпысынан 38 МВт электр энергиясы өндүрүлөт. Алардын тышкары дагы бир катар жеке чакан ГЭСтер иштейт.

Кыргызстанда 20-25 мегаваттык чакан ГЭСтерди курууга ылайыктуу 240 дарыя бар. Чакан ГЭСтерди куруу үчүн маанилүү делген 23 дарыя тандалып алынган. Өкмөт аларга жалпы кубаттуулугу 258 МВт болгон 63 чакан ГЭС куруу божомолун түзгөн.

Президент Садыр Жапаров учурда өлкө аймагында 50гө жакын чакан ГЭС курулуп жатканын, инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берип жатышканын билдирген. Мамлекет учурда ички инвесторлор тарабынан курулган ГЭСтердин электр энергиясын мамлекет 4 сом 43 тыйындан сатып алат.

Энергетика министрлиги 2023-жылы өлкө аймагы боюнча жалпы кубаттуулугу 30 МВттан ашкан 10 чакан ГЭС, бир шамал мачтасы ишке кирерин билдирүүдө.

Былтыр кыргыз өкмөтү атомдук электр станциясын курууга белсенип жатканын жарыялаган. Орусиянын “Росатом” компаниясы келип эки тараптуу меморандум дагы түзүп кетишкен. Энергетика жаатындагы эксперт Мырзатай Султаналиев атомдук электр станциясын курууну энергия алуунун альтернативдүү булагы деп эсептейт.

“Бүгүнкү күндө Орусияда атомдук электр станцияга эң таасирдүү “Ритм-200” деген блоктор чыкты. Бул алтымыш жылдан бери муз жаргычтарда колдонулуп келген реакторлор. Ошону азыр ишке киргизип жатышат. Алар 60 МВт, ошондон бешти-онду койсо болот. Кичи атомдук энергетика деп коёт, бизге болжол менен 300 МВтка чейин ошол атомдук реактор менен койсо оң болот. Ал боюнча меморандумга кол коюлган. Экинчи жагынан биз дагы кыймылдашыбыз керек. Анүчүн биз жер бөлүп беришибиз керек, экологиялык уруксатты алышып, бардык шарттарын жасашыбыз керек. Бирок, “Ритм-200дү” Орусия өзү Якутияда жердин үстүндө 2025-жылы алгачкы жолу ишке берет. Буга чейин бул реакторлор жалаң сууда сүзгөн атайын кемелерде гана колдонулуп келген”.

Борбор Азиядагы суу маселелерин жана гидроэнергетика ресурстарын изилдөө институтунун жетекчиси Эрнест Карыбеков Кара-Кечеге жылуулук-электр борборун куруу Кыргызстанды электр энергиясы менен камсыздоонун эң арзан жана натыйжалуу жолу деп эсептейт.

“Кара-Кече жылуулук-электр станциясынын кубаттуулугу 1200 МВт болот, Токтогул ГЭСи менен тең болот. Ошондо анын натыйжасы Кыргызстан үчүн жакшы болмок. Мына, Бишкек менен Ошто эки жылуулук станциябыз бар, экөө тең импорттук энергоресурстарга иштейт. Көмүр, мазут, газ алып келип башка мамлекеттердин экономикасына көбүрөөк иштейт. А биз болсо, өзүбүздүн көмүрүбүз болуп тургандан кийин, ушул жерге электр станцияны курсак, ал конденсациялык электр станция болгондуктан электр энергиясын да чыгарат. Ал Токтогул каскады менен чогуу иштегенде, кыш мезгилинде ошол ЖЭБди көбүрөөк пайдаланып, Токтогулдагы сууну топтоп алмакпыз. Азыр болсо 90% энергияны ошол жактан коротуп атабыз, суу дагы жөн эле коромжу болуп кетип атат. Кара-Кече ЖЭБи 1200 МВт болуп, төрт жыл ичинде курулат. Ал Камбар-Ата-1 ГЭСиндей эмес, 10 жыл куруп, дагы 5 жыл сууну топтош керек деген. Бул болсо төрт жылдын ичинде курулуп бүтүп, электр энергиясынын баасы да Бишкек ЖЭБден чыккан электр энергиядан төрт эсе төмөн болот. Демек светтин баасын кымбаттатыш керек деген маселе жок болот”.

Кыргызстан дүйнөдөгү экологиялык таза энергиянын ири коруна ээ өлкөлөрдүн бири. Ири жана майда дарыялардын суу энергетикалык мүмкүнчүлүктөрү 142,5 млрд. кВт/саат деп бааланат. Окумуштуулар өлкөдөгү электр энергиясынын 90% ашууну гидроэлектр станцияларынан өндүрүлгөнүнө карабай, чоң жана майда суулардын 10% гана пайдаланылып жатканын белгилеп келишет.

“Кайра жаралуучу энергия булактары” ассоциациясынын талдоосуна ылайык, учурда майда дарыялардын 1,27% гана өздөштүрүлүп келет.

Кыргыз өкмөтү өлкөнүн суу энергетикалык мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланып, электр энергиясын болушунча көбүрөөк өндүрүүнү максат кылып келет. Эгерде пландалган электр станцияларынын баары курулса, Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүгү кеңейип, CASA-1000 багытынан ири көлөмдө пайда таап баштайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG