Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

“Росатом” Кыргызстанда энергетика долбоорун баштамай болду


Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана «НоваВинд» ишканасынын башчысы Григорий Назаров.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана «НоваВинд» ишканасынын башчысы Григорий Назаров.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги Орусиянын “Росатом” мамлекеттик корпорациясына караштуу «НоваВинд» ишканасы менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду. Мекеме 21-февралда билдиргендей, энергияны шамалдын жардамы менен ала турган атайын станцияларды куруу жана иштетүү долбоорун биргелешип ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү каралып чыгат.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев шамал энергиясы боюнча долбоорлор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөдөн тышкары жаңы жумуш орундарын түзүүгө, казынага салыктын көбүрөөк түшүүсүнө өбөлгө болорун айтты.

«НоваВинд» ишканасынын өкүлдөрү Орусиянын үч аймагында шамал аркылуу иштей турган атайын парктардан жетөөнү курганын, бул жаатта тажрыйбасы жетиштүү экенин билдиришти.

Кыргызстанда быйыл январдын ортосунда суук катуу болуп, электр энергиясын керектөө көбөйгөндүктөн бийлик жарыкты кезек-кезеги менен өчүрүп турууга мажбур болгон. Президент Садыр Жапаров тармак “чала жан” абалга кептелгенин эскертип, Кыргызстан эгемендик алгандан бери элдин саны дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнү менен бир дагы ГЭС курулбаганын, Союз мезгилинде курулган жабдыктардын эскирүүсү 80% ашканын, энергетика тармагынын карызы 137 миллиард сомду түзүп турганын айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG