Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Кыргызстанда эхинококкоз болгондор он жылда 1,3 эсе көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда эхинококкоз менен ооругандар көп болуп жатканын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департамент билдирди. Мекеменин 20-февралда тараткан маалыматына караганда, бул көрсөткүч жогорку деңгээлде туруктуу сакталууда.

Соңку 10 жыл ичинде Кыргызстанда эхинококкоз болгондор 1,3 эсе көбөйдү.

Жыл сайын өлкөдө бул илдеттин ыйлаакча сымал түрүнө кабылган миңдей, альвеола түрүнө чалдыккан эки жүздөй бейтап катталууда.

Эхинококкоз адамга жаныбарлардан жуулбаган жер жемиш аркылуу жугат. Андан хирургиялык операция жолу менен гана арылууга болот, бирок бейтаптардын 35% өлүмгө учурап келет.

Дүйнөдө бул ооруга жыл сайын жарым миллионго жакын адам чалдыгууда. (RK)

XS
SM
MD
LG