Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова ооруканага жаткырылды


Клара Сооронкулова сот залында. 27-декабрь, 2022-жыл.
Клара Сооронкулова сот залында. 27-декабрь, 2022-жыл.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган саясатчы, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкуловага ооруканада дарыланууга уруксат берилди. Бул тууралуу анын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова дагы маалыматты ырастап, Сооронкулова жеке менчик ооруканада экенин тактады.

"Дарыгерлердин демилгеси менен кечээ жаткырылыптыр. Азыр бардык текшерүүдөн өтүп, анан дарыгерлер жыйынтык чыгарат. Жеке менчик ооруканага жаткырылды", - деди Элеонора Сабатарова.

Биринчи Май райондук соту 17-февралда Клара Сооронкулованын бөгөт чарасын карап, 20-апрелге чейин камакта калтырган. Клара Сооронкулова сотто саламаттыгына байланыштуу операцияга муктаж экенин билдирген.

Коомчулукта Кемпир-Абад иши деп аталган отузга жакын саясатчы, укук коргочу, активисттер “массалык башаламандыкка” шектелип камалган. Алардын үчөө ооруканага которулуп, төрт киши үй камагында. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG