Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиядан кайтып келди


Куткаруучулар Кыргызстанга кайтып келишти. 21-февраль, 2023-жыл.
Куткаруучулар Кыргызстанга кайтып келишти. 21-февраль, 2023-жыл.

Түркияда иштеп жаткан кыргызстандык куткаруучулар миссиясын аяктап, Бишкекке кайтып келди. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев куткаруучуларды “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алып, ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандык куткаруучулар зилзаладан катуу жабыр тарткан Түркиянын Кахраманмараш жана Хатай провинцияларында иштешти. Алар жалпысынан уранды алдында калган сегиз адамды аман куткарып, 182 адамдын сөөгүн алып чыгышты.

Кыргызстандан Түркияга 187 адам барган, алардын 171и ӨКМ аркылуу, алтоо Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу, бешөө жабыркагандарга боз үй тигүү үчүн, калгандары уюштуруу иштерине байланыштуу.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн каза болгондордун жалпы саны 47 миңге чамалады, жараат алгандар 115 миңдей болууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG